Украин президенти Владимир Зеленский “Жеңиш планын” эми Еврошаркеттин жана НАТОнун лидерлерине тааныштырды. Ал арада Орусиянын армиясы Украинанын жер-жерине сокку урууну улантты.
Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди абакта калтырды. Чүйдүн Аламүдүн райондук соту болсо вулканизацияда иштеген Тариел Ботбаевди Фейсбуктагы посту үчүн 120 миң сом айыпка жыкты.