Британия Орусиянын мунай ташыган 18 танкерине жана төрт кемесине санкция жарыялады

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Британия Орусиянын дагы 18 мунай танкерине жана суюлтулган жаратылыш газын ташыган төрт кемесине санкция жарыялады. Британ Тышкы иштер министрлигинин 17-октябрдагы маалыматында айтылгандай, мунай танкерлери соңку бир жылда Орусияга болжол менен 4,9 миллиард доллар киреше табууга жардам беришти.

Мекеме ушуну менен санкциялык тизмеге илинген танкерлердин саны 43кө жеткенин, алар британиялык портторго кирип, британ ишканаларынын кызматынан пайдалана албай турганын маалымдады жана баарын Орусия президенти Владимир Путиндин «көмүскө флоту» деп атады.

«Көмүскө флот» санкциялардын таасирин жокко чыгарууга аракет кылып, чыныгы жана реалдуу коркунуч жаратып, экологияга жана дүйнөлүк сооданын коопсуздугуна да залакасын тийгизип жатканы белгиленди.

Танкерлерден тышкары жаңы санкцияга «Русгаздобыча» газ ишканасы да кабылды.

Улуу Британиянын башкы дипломаты Дэвид Лэмми «Мен Кремлди чектөөнү жеке миссиям катары көрөм, Путиндин жана анын мафиялык мамлекетин чектөө үчүн колумдан келген мүмкүнчүлүктүн баарын пайдаланам», - деп айтты.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан кийин Батыштын көпчүлүк өлкөлөрү Кремлден бул толук масштабдуу согушун токтотууну талап кылып, анын мүмкүнчүлүктөрүн чектөө максатында бир топ санкция жарыялашкан. Бирок алардан майнап дээрлик чыкпаганын, Орусия алсырап калбаганын, тескерисинче, күчтөнө баштаганын талдоочулар айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Чүйдө кызылча көп, Кайыңды кант заводунда узун кезекУкраина: "Уруштун аягы көрүнбөйт, аскерлерибиз азайды"Зеленский Путин согушту аяктоо эмес, улантуу аракетин көрүп жатканын айттыИИМ Нурлан Мотуевге эскертүү берди