Украина: "Уруштун аягы көрүнбөйт, аскерлерибиз азайды"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украин президенти Владимир Зеленский Еврошаркеттин жана НАТОнун лидерлерин “жеңиш планынын” мазмуну менен тааныштырды. Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген долбоорду ал алдыңкы күнү Жогорку Радага алып чыккан. Зеленскийдин планын катардагы украиндер ар түрдүү баамдап, кээ бирлери колдосо, башкалары анын аткарылышына ишенбей турат. Ал арада орус армиясы Украинанын жер-жерине сокку урууну улантты.