17-октябрь: Аскат Жетиген абакта калды, Израил Ливанда "Хезболлага" каршы чабуулун улантты

Аскат Жетиген Бишкек шаардык сотунда. 17-октябрь, 2024-жыл.

17-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди абакта калтырды

Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди үч жылга абакка кескен Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Жетиген сотто ал “элди массалык башаламандыкка чакырбаганын” айтып актоону өтүнгөн. Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча 1-июлда чечим чыгарып, Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен үч жылга кескен. Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Фейсбуктагы посту үчүн кармалган Тариел Ботбаев айыпка жыгылды

Чүй облусунун Аламүдун райондук соту Ботбаевге 120 миң сом айып пул салганы эми маалым болду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 37- (Кылмыш жасоого аракеттенүү), 327-(Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 330-(Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) беренелери менен күнөөлүү деп табылган. Аны 17-майда Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери үйүнөн кармап кеткен. Анын жакындары Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштерин, саясатты түшүнбөгөн карапайым жумушчу экенин айтып чыккан.

Сегиз айда адамдар 903 млн сомун шылуундарга алдатты

Жарандарды шылуундар телефон аркылуу тоноп, банк эсебиндеги акчасын алып койгон учурлар көбөйдү. Мындай алдамчылар элдин 903 млн сомун уурдаганга жетишкен. Бул тууралуу ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Нурбек Абдиев 17-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Анын айтуусунда бул сумманын ичинен 447 млн сому кайтарылып берилген. Быйыл жыл башынан бери 10 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын ичинен 7705 иштин бети ачылган. Министрдин орун басары телефон шылуундарынын арасында чет элдик жарандар да барын, айрымдарын аныктоо мүмкүн болбой жатканын айтты.

Бир коммерциялык банкка 440 миң сом айып салынды

Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргызстанда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу” беренеси менен бир коммерциялык банкка 441 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирип, бирок айыпка жыгылган кайсы банк экени тууралуу маалымат берген жок. Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов “Азаттыкка” берген маегинде бир айда 80 млрд сомду жүгүрткөн банктын күмөндүү операцияларынын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлаган. Ал да банктын атын атаган эмес.

Израил Ливанда "Хезболлага" каршы чабуулу уланганын билдирди

Израилдин соңку бомбалоосунан жалпысынан кеминде 22 кишинин өмүрү кыйылганын, дагы 52 киши жараат алганын 17-октябрда AFP агенттиги билдирди. Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун 16сы эки муниципалдык имаратка жасалган чабуулдан мерт кеткенин билдирди, ал эми алтоо башка соккулардан каза тапканын расмий кызматкерлер маалымдады. Шаршемби күнкү бомбалоодон кийин тутанган өрттүн курчоосунда калып каза тапкандар арасында Набатия шаарынын мэри жана бир нече муниципалдык кызматкер бар экени кабарланды. Израил армиясы (ЦАХАЛ) шаршембиде аскердик учактары менен Набатияда ондогон жерди аткылаганын тастыктап, бутага «Хезболла» (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) тобунун турумдары алынганын билдирди.

АКШ президенти Жо Байден Украинага коопсуздук үчүн 425 миллион доллар бөлүнөрүн жарыялады

Ак үй билдиргендей, 16-октябрда Байден украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, өзүнүн кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин Украинага жардамды көбөйтүү аракетин көрөрүн билдирди. 425 миллион долларга абадан коргонуу үчүн кошумча каражаттар, ок-дары, брондолгон техника жана башка чукул жардам жөнөтүлөт. Андан мурдараак мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Пентагондун запастарынан бериле турган кезектеги жардамдын ичинде NASAMS зениттик-ракеталык системалардын ок-дарысы, абадан коргонуу үчүн RIM-7 ракеталары, Stinger зениттик ракеталары, HIMARS ракеталык системаларынын ок-дарысы, кассеталык ок-дары, танкка каршы Javelin системалары жана башка техника бар экенин айткан.

Орус полициясынын колунда каза болгон активист катуу сабалганы аныкталды

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисттери таанышып чыккан материалдарда активист Рифат Даутов катуу сабалып, ички органдарынан кан кетип каза болгонун көрсөтүлөт. Көз каранды эмес эксперттер аны оор бир нерсе менен кеминде 48 жолу урушканын, денесинин 30% травма алганын аныктап чыгышкан. Быйыл январь айында Орусиянын карамагындагы Башкырстан аймагында оппозиционер активист Фаил Алсыновдун кармалышына каршы акция өткөн. Полиция бул митингди күч менен баскан. Акция учурунда күч кызматкерлеринин колуна түшкөндөр арасында Уфа шаарынын тургуну, 37 жаштагы Даутов да болгон. Көп өтпөй ал полициянын машинасында үзүлгөн. Даутов өзү протесттерге катышканы тууралуу айыптоону четке каккан.

Беларуста мурдагы милиция кызматкери, кийин бийликке оппозиция болгон Андрей Паротниковдун соту башталды

«Азаттыктын» беларус кызматы 16-октябрда Минскиде алгачкы сот отуруму өткөнүн жазды. «Весна» укук коргоо борборунун маалыматына караганда, соттук жараян жабык режимде өтүүдө. Эгер күнөөлүү деп табылса ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Ага Беларуста бийликти басып алуу максатында кутум уюштуруу, мамлекетке чыккынчылык, экстремисттик иштерге көмөктөшүү тууралуу айыптар тагылган. Ички иштер министрлигинен кызматтан кеткенден кийин коопсуздук, аскер жана укук тартиби маселелери боюнча көз каранды эмес талдоо жүргүзүп, Belarus Security Blog борборун жетектеген, блог алып барган Паротниковду 2023-жылдын март айында Москвада жүргөн жеринен кармап кетип, Минскиге өткөрүп беришкен. Жакындарынын айтымында, катаал шарттагы абакта анын ден соолугу кыйла начарлап кеткен.