Чүйдө кызылча көп, Кайыңды кант заводунда узун кезек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Социалдык тармактарга унаалар кезек талашып, бири-бири менен сүзүшкөн видеолор тарады. Завод жетекчилери кызылчасы жапырт казылып жаткандыктан тыгын пайда болгонун айтууда. Быйыл өлкө боюнча 15 миң гектар жерге кант кызылчасы эгилген. Анын дээрлик 90% Чүй облусунда.  Кайыңды шаарындагы кант заводго кызылча тапшырууга 200дөй жүк ташуучу автоунаа кезекте турат. Айдоочулар завод иши жай болуп, жолдо кезек сакталбай жатканына даттанууда.