Украин президенти Владимир Зеленский "жеңиш планын" сунуш кылды

Зеленский парламентте "жеңиш планын" сунуш кылды. Киев, 16-октябрь 2024-жыл

Украин президенти Владимир Зеленский парламентке (Жогорку Рада) Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген "жеңиш планын" сунуш кылды. Ага чейин долбоор АКШ президенти Жо Байденге таанышуу үчүн берилген.

Зеленский согуштун жыйынтыгы дүйнөнүн алдыдагы 10 жылдагы окуяларына таасир этерин белгиледи. Президент "кылмышкерлер коалициясына" эми Орусия гана эмес Түндүк Корея да кирип калганын айтып, Иранды Орусияга курал берип жатканы, Кытайды орус президенти Владимир Путиндин чырагына май тамызганы үчүн айыптады.

Беш пункттан турган планда Украинаны согуш аяктагычы эле НАТОго кабыл алуу, орус аймагында операцияны улантуу менен "урушту Орусияга кайтаруу", Украинага ядролук эмес стратегиялык курал жайгаштыруу, өлкөнүн стратегиялык-экономикалык дараметин арттыруу каралган.

Зеленский дагы үч жашыруун жобо бар экенин, бирок алардын мазмунун ачык айтпасын билдирди. Анын айтымында, Батыш өнөктөштөрү долбоордун деталдары менен таанышып жатат.

Украин президенти "жеңиш планы" "согушка дипломатиялык жол менен чекит коюуга" көпүрө болуп берерин белгиледи. Эмне дегенде аны ишке ашыруу Орусияны агрессиядан баш тартып, сүүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга түртөт.

Москва "атайын операция" деп атаган уруштун өтөлүнө чыгарын, Киев аймактык жана башка чегинүүлөргө көнсө, сүйлөшүүлөргө даярдыгын айтып келатат.

Батыш азырынча Зеленскийдин долбоорун расмий комментарийлеген жок.

Дагы караңыз

"Талибан" Өзбекстандан Термез соода борборунда концерт өткөрбөөнү өтүндүКыргыз өкмөтү кийинки жылы бирдиктүү салык декларациясын жоюуну көздөп жататСалык кызматы: Банктардын биринде айына 80 млрд сомдун жүгүртүлүүсү текшерилип жатат1937: Кемелине толгон кезде жайран болгон Сыдык Карачев