Израил шаршембиде эртең менен Бейруттун жака белине сокку урду

Израиль сокку урган конуш. Бейрут, 16-октябрь 2024-жыл

Израил шаршембиде эртең менен Бейруттун жака белине сокку урду. Рейтер агенттиги маалымдагандай, анын алдында АКШ Ливандын борборуна масштабдуу чабуул коюуга каршы экенин билдирген. Курмандыктар өскөнү, региондогу жаңжал мындан ары курчуйт деген кооптонуулар күчөп жатат.

Күбөлөр эки жарылуунун добушу угулганын, эки конуштан коюу түтүн каптаганын Рейтер агенттигине айтып беришти. Израил анын алдында жергиликтүү тургундарды эвакуацияланууга чакырып, бирок бир эле имарат сөз кылынган.

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ ливандык "Хезболла" уюмунун Дахия деген райондо жер астындагы кампада сакталган стратегиялык куралы бутага алынганын билдирди. Аскерлер карапайым элге зыян келтирбөө чаралары көрүлгөнүн кошумчалады.

Ливандын түштүгүндөгү Набатие шаарында израилдик соккудан кеминде 6 киши, арасында мэр каза тапканын коопсуздук тармагындагы булактарга таянып Рейтер кабарлады.

АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныган, ал эми Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливан парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Акыркы жолу Израил Бейрутка 10-октябрда абадан сокку урганда 22 киши каза тапкан, калк жашаган райондо бир нече имарат талкаланган.

Израилдин “Хезболла” менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Андан бери топтун башка да лидерлери жок кылынганы кабарланууда.

30-сентябрда Израил Ливанга аскерлерин киргизип, “Хезболлага” каршы чектелген операция жүргүзгөнүн жарыялаган.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин 8-октябрда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстанга үмүт берген үч упайОрусия чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүү квотасын кыскартты1937: Кемелине толгон кезде жайран болгон Сыдык КарачевЖазма маданият жана цензура: Молдо Кылыч: "Китептерим - өлбөй турган күмбөзүм"