Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пакистандын борбору Исламабад шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25% жеткенин айтты.
Ал 2009-жылдан бери ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы ички дүң өнүмү (ИДӨ) эки эседен ашык өскөнүн, өз ара инвестициянын көлөмү дээрлик төрт эсе көбөйгөнүн билдирди. Акылбек Жапаров уюмдун өнүктүрүү банкын жана фондун түзүү маселелерин тез арада чечүү зарылчыл экенин кошумчалады.
15-октябрда Исламабадга жети өлкөнүн өкмөт башчылары, Пакистандын көп жылдан берки атаандашы - Индиянын тышкы иштер министри жана Ирандын биринчи вице-президенти чогулду. Алар коопсуздук, аймактагы кызматташтык, соода жана финансылык алакаларды талкуулашты.
Коопсуздук маселелеринен улам калаада үч күн дем алуу деп жарыяланды. Мектептер, ишканалар жабык, көчөлөрдү полиция жана аскердик бөлүктөр кайтарууда.
2001-жылы Москванын демилгеси менне түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. (BTo)
Дагы караңыз
Орусия чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүү квотасын кыскарттыМасалиев бир мектеп үчүн бир нече мыйзамды өзгөртүүнү сындады"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Тегеранда кармалдыТүштүк Кореяга иштөөгө 39 кыргызстандык жаран кеттиТөө-Ашууда 1000ге жакын автоунаа жол тыгында калдыДепутат "Акылманды" бүткөндөргө артыкчылык берүү Конституцияга каршы келерин айттыСадыр Жапаров бийлик шайлоого кийлигишпей турганын айттыЖКда Орусияда кысымга кабылган мигранттардын көйгөйү айтылды