Турмуш-тиричилик жана электрондук товарларга маркалоо кирет

Кара-Суу-базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү жакынкы мезгилде турмуш-тиричилик жана электрондук товарларга маркалоо системасын киргизгени жатат.

Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, бул ыкма тармактагы көмүскө экономиканын агымын азайтат.

“Азыр биз бүт турмуш-тиричилик, электрондук техникаларга маркалоону киргизүүнү ойлонуп жатабыз. Андай товарда маркасы турган болсо, демек ошол сыналгы же электрондук аппараттын салыгы төлөнгөн деп эсептелет. Мында салыктын чени өспөйт, болгону марканын чыгымы гана кошулат. Муну менен базарларда кандай электрондук товарлар жүгүртүлүп жаткан болсо, ошонун баары бизге көрүнүп турат”, - деди Алтынбек Абдувапов.

Салык кызматынын жетекчиси маркалоонун качан ишке кирерин ачыктаган жок.

Быйыл июнь айынан тарта курамында кант кошулмасы бар минералдык жана газдалган суусундуктарды акциздик маркалоо ыкмасы киргизилген. Салык кызматынын маалыматына ылайык, андан берки аралыкта бул товарлардан түшкөн салыктын көлөмү 300%га өскөн.

1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү майды да маркалоо киргизилген.

Товарды маркалоо – товарга чапталган белги, анда салык кызматы тарабынан берилген атайын штрихкоду болот. Маркалоонун жардамы менен товардын аныктыгын билүүгө жана анын өндүрүштөн сатуу текчесине чейинки жолун көзөмөлдөөгө мүмкүн. (KbA/ZKo)

Дагы караңыз

Орусия чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүү квотасын кыскартты1937: Кемелине толгон кезде жайран болгон Сыдык КарачевЖоогазын гүлү жок болуп кетүү коркунучунда"Мөңгү талкаланды". Алайда эл көмүр казгандарга нааразыМасалиев бир мектеп үчүн бир нече мыйзамды өзгөртүүнү сындады