Масалиев бир мектеп үчүн бир нече мыйзамды өзгөртүүнү сындады

Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев депутаттык тажрыйбасында бир мектептин макамы, артыкчылыгы үчүн бир канча мыйзамдарды өзгөртүү Кыргызстанда болбогонун, ал гана эмес жалпы дүйнөлүк тажрыйбада жоктугун айтты. Депутат балдардын укугун бирдей кароону талап кылды.

"Кыргызстандагы 1,5 млн баладан силер бир мектептеги 197 баланын укугун жогору коюп атасыңар. Лицей-гимназия деген макамды башка мектептерден алып салып, ошол эле учурда президенттик лицей деп бир мектепке артыкчылык бердиңер. Эми ошол бир мектеп үчүн бир канча мыйзамдарды өзгөртүүгө келдиңер. Кытайдагы, АКШдагы, Европадагы эң мыкты мектеп, университеттердин бүтүрүүчүлөрүнө да эч кандай артыкчылык берилген эмес, алар берген билими менен, билиминин сапаты менен өздөрүнүн мыктылыгын далилдеген".

Исхак Масалиев министрлерди балдарга карата адилетсиздик кылбоону, алардын укугун чектебөөнү талап кылып, ал эми кесиптештеринен балдарга карата теңсиздикке алып келген мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору 66 депутаттын макулдугу менен 1-окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш 16-октябрдагы жалпы отурумда "Эл үмүтү" стипендиясынын ээлерине жана “Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайга тапшырууда жана мамлекеттик кызматка ишке орношууда жеңилдик берүү боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун 1-окууда карады.

Президент Садыр Жапаров сунуштап жаткан өзгөртүүлөр тууралуу юстиция министри Аяз Баетов баяндама жасады. Анын айтымында, бул бүтүрүүчүлөр кадрлар резервине сынактан тышкары тартипте киргизилет. "Акылман" лицейин бүткөн окуучулар окуу жайдын менчигине карабай жалпы республикалык тесттин жыйынтыгысыз кабыл алынат.

Адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман" президенттик лицейи Чолпон-Ата шаарында 2023-жылы ачылган жана салтанатка Садыр Жапаров катышкан.

Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен "Билим берүү тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Кыргызстандагы мамлекеттик мектептерден "лицей", "гимназия" жана "автордук" макамдары алынган. Бул айрым мектептерден мугалимдердин жапырт кетүүсүнө алып келген.

“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу жарлыгына президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.

Стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча ушул убакка чейин 35 кишиге стипендия берилген.(ZKo)

Дагы караңыз

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Тегеранда кармалдыТүштүк Кореяга иштөөгө 39 кыргызстандык жаран кеттиТөө-Ашууда 1000ге жакын автоунаа жол тыгында калдыДепутат "Акылманды" бүткөндөргө артыкчылык берүү Конституцияга каршы келерин айтты"Суукта карылар менен балдар кыйналды". Төө-Ашуудагы тыгынУкраина: Орусиянын атайын кызматы тузакка илген өспүрүмдөр