Кыргызстанга кайткан мигранттардын саны 85% көбөйдү

Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдан 2024-жылдын апрелине чейинки аралыкта чет жактарда миграцияда жүргөн кыргызстандык жарандардын мекенине жапырт кайтуусу байкалган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык миграция уюму менен чогуу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдан тартып чет жактарда жүргөн кыргызстандык мигранттардын мекенине жапырт кайта баштаган. 2023-жылы көрсөткүч кескин көбөйүп, мурунку жылдарга салыштырмалуу Кыргызстанга кайтып келген мигранттардын саны 85% өскөн. Мекенине кайтып келген мигранттардын басымдуу бөлүгү Баткен, Ош жана Чүй облустарынын тургундары.

Маалыматта кайтып келген өлкөгө кайра миграцияга кеткен жарандардын саны эки эсеге азайган. Сурамжылоого катышкандардын 16% кайсы өлкөгө кетүүнү аныктай албай жатканын билдиришкен.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болгон.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы президенттик шайлоого катышып жаткан маалда өлкөдө жумуш орундарын түзүп, чет жактагы мигранттарды кайтарууга убада берген. Кызматка киришүү аземинде анын “миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептейм” деп айтканы бар.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов быйыл июнда Кыргызстан чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын санын соңку үч жылда дээрлик 300 миңге азайтканын билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Согушка каршы сүрөт тарткан кыздын атасы Москалев абактан чыктыКатуу кайтарылган Исламабадда ШКУнун саммити башталдыАта-бала, ага-ини. Шайлоого аттанган туугандар"Азаматты чоң энеси, Махабатты баласы күтүп жатат". Журналисттерди колдоо акциясыУлуттар Уюму: Газада коопсуз жер дээрлик калган жок