Өзбекстанда 27-октябрда электрондук добуш берүү сыноодон өткөрүлөт

Өзбекстандагы шайлоо. Архив

Ташкентте 27-октябрда айрым шайлоо участокторунда электрондук добуш берүү сыноодон өткөрүлгөнү жатат. Ал күнү Өзбекстанда парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот.

Өзбек Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, электрондук добуш берүү шайлоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн киргизилмекчи.

Gazeta.uz басылмасы сыноодон өткөрүлө турган 37 электрондук жабдык буга чейин АКШ, Германия, Британия, Италия өңдүү бир нече чет өлкөлөрдө колдонулганын жазды. Алардын жардамы менен 6,5 миллиард шайлоочу добуш берген.

Ошол эле маалда шайлоочуларга салттуу же электрондук добуш берүү жолун тандоо укугу берилмекчи.

27-октябрдагы шайлоого 5 саясий партия катышат.

Дагы караңыз

Согушка каршы сүрөт тарткан кыздын атасы Москалев абактан чыктыКатуу кайтарылган Исламабадда ШКУнун саммити башталдыАта-бала, ага-ини. Шайлоого аттанган туугандар"Азаматты чоң энеси, Махабатты баласы күтүп жатат". Журналисттерди колдоо акциясы