Согушка каршы сүрөт тарткан кыздын атасы Москалев абактан чыкты

Алексей Москалев сотто. 30-март, 2023-жыл

Согушка каршы сүрөт тарткан кыздын атасы, орус армиясынын аброюна көлөкө түшүргөн деген негизде соттолгон Алексей Москалев абактан чыкты. «Свобода» радиосу жазганына караганда, аны кызы Маша менен журналисттер тосуп алды.

Тула облусунун тургуну, жалгыз бой ата Москалев 13 жаштагы кызы 2022-жылдын жазында сабакта украин желегин кармап турган аял баласын ракеталардан коргоп жатканын тартып, «Мен согушка каршымын» деп жазгандан кийин тартип коргоочулардын назарына илинген.

Мектептип директору полицияга кайрылып, Москалевдордун үйүндө тинтүү жүргөн. Тартип коргоочулар Алексейдин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында Украинаны колдогон комментарийлерди, Путиндин шакаба сүрөттөрүн таап алган. Ал адегенде айып пулга жыгылып, кийин кылмыш иши козголгон.

Былтыр марттын аягында Москалев эки жылга колонияга кесилген. Ал күнөөсүн танып келди.

2023-жылдын декабрында Саратовдун кассациялык соту Москалевдун ишин кайра кароого жөнөткөн. Анын жыйынтыгында өкүмү эки айга кыскартылган.

Атасы камалгандан кийин кызы адегенде балдар үйүнө жөнөтүлгөн. Кийин үй-бүлөсү менен көптөн бери жашабаган энесине беришкен.

Дагы караңыз

Катуу кайтарылган Исламабадда ШКУнун саммити башталдыУлуттар Уюму: Газада коопсуз жер дээрлик калган жокИзраилдин Газадагы жана Ливандагы чабуулдары улануудаАрстанбаптагы сел боюнча кызмат адамдарына иш козголду