Катуу кайтарылган Исламабадда ШКУнун саммити башталды

Пакистандын премьери Шехбаз Шариф (оңдо) Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цянды тосуп алууда. Исламабад. 14-октябрь, 2024-жыл

Катуу кайтарылган Пакистандын баш калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити башталды. 15-октябрда Исламабадга жети өлкөнүн өкмөт башчылары, Пакистандын көп жылдан берки атаандашы - Индиянын тышкы иштер министри жана Ирандын биринчи вице-президенти чогулду. Жетекчилер коопсуздук, аймактагы кызматташтык, соода жана финансылык алакаларды талкуулоого киришти.

Коопсуздук маселелеринен улам калаада үч күн дем алуу деп жарыяланды. Мектептер, ишканалар жабык, көчөлөрдү полиция жана аскердик бөлүктөр кайтарууда.

11-октябрдын таңында белгисиз куралчан жоочулар 20дай кенчини өлтүрүп кеткенден кийин өлкөдө коопсуздук чаралар күчөтүлгөн. Окуя өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Белужистан провинциясынын Дуки районундагы көмүр шахтасында болгон.

Кен байлыктары көп Белужистанда жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу топтордун чабуулдары катталган. Жума күнкү кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

Ага чейин, 6-октябрда Карачи портунда Пакистанда иштеген кытайлык эки инженер киши колдуу болгон. Кытай элчилиги окуяны "теракт" деп атаган.

2001-жылы Москва тарабынан түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет.

Жогорку деңгээлдеги жолугушууга Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да катышууда.

Дагы караңыз

Арстанбаптагы сел боюнча кызмат адамдарына иш козголдуТагаев Маданият министрлиги фейк аккаунттарды аныктай албай турганын айттыДепутат жалган жалаа үчүн айып салуу Конституцияга туура келбесин эскертти Сот Алматы акимчилигине кол салуу үчүн айыпталган тогуз кишинин өкүмүн өзгөрттү