Британ тышкы иштер министри 11 журналисттин иши боюнча маселе көтөрдү

Дэвид Лэмми.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми 15-октябрда кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшүүдө Кыргызстанда журналисттерге каршы чыккан сот өкүмү боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбек Кулубаев журналисттерге чечимди бийликтин көз карандысыз бутагы болгон сот органы кабыл алганын айткан.

Буга чейин АКШ менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери журналисттерге чыккан өкүмгө тынчсыздануусун билдирген.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз берерин билдирди.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналист акталган.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кармалгандан тартып Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болчу. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева соттун чечиминен кийин бошотулду. Калган жетөө ага чейин эле ар кандай жагдайда эркиндикке чыккан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo)