“Асмандын” курулушунда экологиялык коопсуздук сакталары айтылды

Президент Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушуна капсула салуу учурунда. Июнь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров “Асман” шаарын курууда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары жөнүндө” жарлыкка кол койду. Маалымат президенттин сайтына 14-октябрда жарыяланды.

Жарлыкта шаар курууда “Ысык-Көл” биосфералык зонасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо, көлдүн жанаша аймагын натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, аймактын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнү көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү - башкы максат экени белгиленген.

Ага ылайык, Министрлер кабинети келерки жылдын 1-мартына чейин “Асман” шаарынын курулушунун концепциясын иштеп чыгып, бекитүүгө тийиш. Анын ичинде шаарды долборлоодо жана курууда жөө адамдардын жана велосипед жолдорун кеңири пайдаланууну караган инновациялык технологияларды киргизүү милдеттендирилген.

Үйлөрдүн курулушуна экологиялык коопсуз курулуш материалдарын колдонуу менен, энергия сактоочу, "акылдуу үйлөрдү" жана имараттарды курууга артыкчылык берилиши керектиги белгиленген.

Мындан тышкары “Асман”шаарында электр траспортторуна гана жүрүүгө уруксат берилиши зарылдыгы белгиленип, бензин, дизелдик отун, газ менен жүрүүчү транспортторго тыюу салынары белгиленген.

Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт “Асман” шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. Былтыр мартта жаңы калаанын курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Садыр Жапаров 2023-жылы 30-июнда бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, “Асман” шаары 500 миң кишиге ылайыкталат. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШ: Харрис менен Трамптын жарышын кызыткан маселелерКарабаевдин иши: "Мыйзамсыз ишти ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым" Тажик акыйкатчысы Орусиядагы мигранттардын укуктары бузулганына тынчсыздануу билдирди"Омурткасы ооруган жаштар көбөйүүдө"