Тажик акыйкатчысы Орусиядагы мигранттардын укуктары бузулганына тынчсыздануу билдирди

Внуково аэропортундагы тажик мигранттары. Иллюстрация

Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода Орусиядагы тажик мигранттарынын укуктары жана эркиндиктери бузулганына камтамасын билдирди. Орусиянын омбудсмени Татьяна Москальковага жолдогон катта ал орусиялык тартип коргоочулар Тажикстандан барган эмгек мигранттарына каршы мыйзамсыз чара колдонгонун, уруп-сабап, акаарат келтирип, орой мамиле кылышканын белгиледи.

«Озоди» радиосу жазгандай, Бобозода тажик жарандарын Орусиянын чек арасында тиешелүү шарт түзүлбөгөн абактарда узак убакыт бою тамак-ашсыз кармаган учурлар бар деп билдирди. Алардын арасында Тажикстандын расмий өкүлдөрү, студенттер, улгайган адамдар, аялдар менен балдар бар экени айтылды.

Бобозода Москалькованы тажик жарандарынын укуктарын сактоого көмөктөшүү, мыйзамсыз мамиле кылынган учурларды көзөмөлдөө жана керектүү чара көрүүгө чакырды.

Маалыматка караганда, акыркы апталарда тажикстандык бир нече расмий адам Орусиядагы эмгек мигранттарга жасалган мамилеге нааразылыгын билдирди. 4-октябрда эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында бул маселени Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода козгоду.

Жыл сайын Тажикстандын жүз миңдеген жараны Орусияга иш издеп барат. Акыркы мезгилде, өзгөчө 22-мартта «Крокус Ситиде» болгон теракттан кийин тажик жарандарын негизсиз текшерүү, кармоо учурлары көбөйдү. Кол салуу үчүн айыпталгандардын көбү, расмий версия боюнча, теги тажикстандыктар. Теракт кеминде 145 кишинин өмүрүн кыйган.

Бир жылга жетпеген убакытта Орусиядан бери дегенде 20 миң тажик жараны депортацияланды.

Быйылкы январдан бери орус Ички иштер министрлиги 65 миңден ашуун чет өлкөлүк жаранды чыгарган, 120 миң мигрантты киргизбей койгон. Жумушчу күч тартыш болуп жаткан Орусияга барган мигранттардын саны акыркы 10 жылдагы эң төмөн чекке түштү.

Дагы караңыз

Сегиз айда 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыКытай Тайвандын айланасында аскердик машыгуу баштадыАКШ: Харрис менен Трамптын жарышын кызыткан маселелер