15-17-октябрь күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы сакталат.
16-17-октябрда өрөөндөрдө -4, тоолуу аймактарда -10 градуска чейин суук болот.
15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус жылыйт.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 9…11° жылуу болот.
Дагы караңыз
Өкмөт 40 айыл өкмөттүн ар бирине 450 миң доллардан беретАКШ: Харрис менен Трамптын жарышын кызыткан маселелерАдахан Мадумаров 11 журналистке чыккан сот өкүмүн сынга алдыТогуз айда Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылды“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары үй камагына чыктыМедиа платформа журналисттердин соттолушун сөз эркиндигине кысым катары баалады