Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленип жатат

Баткен облусунун 25 жылдыгына арналган иш-чара. 12-октярбь, 2024-жыл.

Облустун түптөлгөнүнүн 25 жылдыгына карата 25 объектинин ачылышы болуп, ипотекалык үйдүн курулушуна капсула салынат.

Мааракеге байланыштуу Баткен шаарында инвестициялык форум уюштурулуп, илимий конференция өтөт.

Көргөзмө, маданият кызматкерлеринин иш-чарасы жана спорттук мелдештер уюштурулган.

Баткен облусун түзүү чечими 1999-жылдын 13-октябрында кабыл алынган. 380 миңден ашыгыраак калк жашаган, курамына Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаары, Кадамжай, Баткен Лейлек райондору кирген.

Учурда облуста 580 миңден ашык калкы бар.

Баткен эки өлкө менен чектешип, айрым тилкелер тактала элек болгону үчүн аймакта коопсуздук маселеси курч.

Кыргызстан менен Тажикстан 2002-жылдары чек араны аныктоо боюнча жумуштарын баштаганы менен 10-15 жыл бою жарытарлык иш жүргөн эмес.

Убакыттын өтүшү менен шарттуу чек аранын айланасында талаштуу участоктор, стратегиялык аймактар үчүн таасир талаш күчөп, 2014-жылдан баштап чек арадагы тирешүүлөр курал колдонуу менен коштоло баштаган.

Жыл сайын чек арадагы майда-барат тирешүүлөрдүн 50дөн ашык учуру катталып турду. 2021-2022-жылдары катары менен куралдуу кагылышуу болуп, эки тараптан эки жүздөй киши каза болду. Бул окуялардан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо иштери активдешип, акыркы учурга расмий маалымат боюнча 970 чакырымдан ашыгыраак чек аранын 50-55 чакырымдай тактала элек тилкеси калганы айтылган. (JsA)

Дагы караңыз

Камбар-Ата-1 ГЭСи: донордук комитеттин алгачкы жолугушуусу өттүАшыкча жүгү бар машиналарга тогуз айда 86 млн сом айып пул салындыБелгороддо жума күнкү чабуулда бир адам мерт болгону кабарланды