Блинкен Израилге "карапайым тургундардын өмүрүн сактап калуу" маанилүү экенин эскертти

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согуштун тутанышын алдын алуу үчүн баардык аракеттерди көрүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле Лаосто Чыгыш Азия мамлекеттеринин жыйынан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйында Израилди Ливандагы карапайым тургундарды коргоого чакырды.

Ал мындай билдирүүнү Израил армиясынын Бейрутка жасаган соккусунан кийин жасады. 10-октябрдын кечиндеги аба чабуулда Ливандын баш калаасында эки имарат кыйрап, 22 кишинин өмүрү кыйылган.

Ливандагы булактар билдиргендей, "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жогорку даражалуу ишмерлеринин бири бутага алынган. Бул уюмга караштуу Al-Manar TV телеканалы Вафик Сафаны жок кылуу аракети ишке ашпай калганын кабарлады. Сафа "Хезболланын" байланыш жана координация бөлүмүн жетектечү.

  • "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ал арада "Хезболла" 10-октябрда Израилди ракеталар менен аткылоону улантты.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Андан бери топтун башка да лидерлери жок кылынып жатканы кабарланууда. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган. Мындай жагдай жалпы Жакынкы Чыгышта абал курчушу ыктымал деген кооптонууну жараткан.

Дагы караңыз

ЮНИСЕФ cаламаттык сактоо жаатына 100дөн ашуун компьютер жана коргонуу каражаттарын бердиМинистрлик күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталганын билдирдиИран менен Орусиянын президенттери Ашхабадда жолукту