ЮНИСЕФ cаламаттык сактоо жаатына 100дөн ашуун компьютер жана коргонуу каражаттарын берди

Алымкадыр Бейшеналиев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тхапа.

Эл аралык ЮНИСЕФ уюму Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын колдоо максатында 117 компьютер жана 9,5 миңден ашуун жеке коргонуу каражаттарын тапшырды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 11-октябрда кабарлады. Маалыматка караганда, компьютерлер жаңы төрөлгөн ымыркайларды өз убагында каттоо шартын жакшыртуу үчүн төрөт үйлөрүнө берилет.

Ал эми жеке коргонуу каражаттарын жугуштуу ооруларга чалдыккан бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлери колдонот.

Каражаттарды тапшыруу иш-чарасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тхапа катышты.

Берилген жабдуулардын жана коргоочу каражаттардын жалпы баасы 10 миллион сомдон ашат (болжол менен 120 миң доллар), аны ЮНИСЕФ менен Вакцинация жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) каржылаган.

Буга чейин ушундай эле каржылык колдоо, кызматташтык алкагында Балдарды өз убагында жана коопсуз эмдөөдөн өткөрүү үчүн республика боюнча вакциналарды ташууга Саламаттык сактоо министрлигине 26 унаа тапшырылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Министрлик күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталганын билдирдиИран менен Орусиянын президенттери Ашхабадда жолукту Пакистанда куралдуу жоочулардын кол салуусунан 20дан ашуун шахтачы мүрт кеттиНобелдин Тынчтык сыйлыгы жапониялык уюмга "өзөктүк куралсыз дүйнөгө" жетүүгө жасаган аракети үчүн ыйгарылды