Зеленский Европада, Путин Түркмөнстанда жүрөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина Одесса аймагында соңку эки күндө Орусиянын чабуулдарынан кеминде 13 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди. Өлкө президенти Владимир Зеленский Жеңиш планын Европадагы өнөктөштөрү менен талкуулап жатат. Ал тапта Украина Орусия президенти Владимир Путин Түркмөнстанга барганына байланыштуу нааразылыгын билдирип, ал Эл аралык кылмыш сотунун ордери берилген адам экенин эскертти.