Нобелдин Тынчтык сыйлыгы жапониялык уюмга "өзөктүк куралсыз дүйнөгө" жетүүгө жасаган аракети үчүн ыйгарылды

Теруми Танака, Нагасакидеги атомдук апаатты көргөн, Nihon Hidankyo уюмунун теңтөрагасы. Токио, Жапония, 30-июль, 2020-жыл

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл жапониялык Nihon Hidankyo уюмуна "өзөктүк куралсыз дүйнөгө жетүүгө багытталган тынымсыз аракеттери үчүн" ыйгарылды.

"Алар бүтүндөй дүйнө жүзүнө маалымат жеткирип, дем берип келишет", - деди жеңүүчүнү жарыялап жатып комитеттин төрагасы Ватне Фрюднес.

Журналисттердин суроолоруна жооп бергенде, ал Нобел комитетинин чечими өзөктүк курал колдонуу боюнча соңку кездери өзгөчө Орусия тараптан жаңырып жаткан ар кандай коркутууларга байланыштуу болгонун баса белгиледи.

Nihon Hidankyo уюму 1956-жылы Хиросима менен Нагаскидеги атомдук бомба жарылгандагы апаатта жабыркагандардын башын бириктирүү үчүн негизделген. Анын мүчөлөрү өзөктүк курал колдонулса анын гуманитардык кесепеттери канчалык эбегейсиз болорун элге түшүндүрүү менен алектенишет.

2024-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгына 286 талапкер көрсөтүлгөн. Анын 197cи жеке адамдар, 89у уюмдар болчу.

Былтыр бул сыйлыктын лауреаты ирандык укук коргоочу Наргиз Мохаммади болгон.

75 жыл мурун Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап баратканда АКШ алгач Хиросима шаарына, андан көп өтпөй Нагасакиге атом бомбасын таштаган. Хиросимада 140 миңдей, ал эми Нагасакиде 70 миңден көп киши кырылган. Бомба чабуулунан кийин Азияда согуш токтогон жана Жапониянын императору өнөктөштөргө 1945-жылы 15-августта багынып берген.