Президент Жапаров мэриянын жол кирени көтөрүү сунушуна байланыштуу пикирин билдирди

Бишкекте автобус менен троллейбус кагылышты. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясынын накталай төлөм үчүн жол кирени көтөрүү сунушуна байланыштуу пикирин билдирди. Мамлекет башчы накталай төлөмдөр көбүнесе айдоочунун чөнтөгүнө кетип жатканын Фейсбук баракчасына жазды. Ошону менен катар акчаны алууга алаксыган айдоочу жол эрежесин бузуп, кырсыктар катталып жатканын белгиледи. Президент шаар тургундарын жол кирени 17 сомдон төлөө үчүн карта сатып алууга үндөдү.

"Накталай төлөм канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этерин айтканда, айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан ар бир шаардык жаран, карта алгыла да 17 сомдон накталай эмес төлөгүлө. Эң жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу? Накталай эмес төлөгөндө гана ошол акчанын баары автобазанын эсебине келип түшөт да, автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат. Накталай төлөгөндүн дагы бир кемчилиги, айдоочуга тоскоолдук жаралып жатканын өзүңүздөр деле байкап-көрүп жатасыздар. Айдоочулар жолду карабай, жарышып, кырсыктарга кабылган учурлар жок эмес", - деп жазган президент.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто накталай төлөгөндөргө жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү сунушун берген. Бул шаар тургундарынын талкуусун жаратууда.

Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана кичи автобустарда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.

Учурда чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу, мектеп окуучулары болсо айына 360 сомго жол "Тулпар" карталарын (чексиз, лимити жок) сатып алышат.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга күнүгө 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.

Бишкек шаарында сегиз айда автобус катышкан 231 жол кырсыгы катталганын 12-сентябрда мэриянын Транспорт департаменти билдирген. Анын 109 учурунда айдоочу күнөөлүү болгон.

Соңку учурларда Бишкекте муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы жол кырсыктары көбөйгөнүнө байланыштуу калаа мэри Айбек Жунушалиев айдоочулар менен жолугушуп, аларга жол эрежесин сактоону эскертип, тийешелүү кызматтарга талаптарды күчөтүүнү тапшырган. (КЕ)

Дагы караңыз

Өкмөт адам укуктарын коргоо жана эл аралык уюмдар менен ишти күчөтүүнү тапшырдыТуманбаев “Фламинго” паркынын жери мамлекетке алынганын айттыКазакстанда АЭС боюнча сурамжылоо жүргүзгөн басылмага айып пул салынды Америкада "Милтон" бороону 10дон ашуун адамдын өмүрүн алды