Казакстанда АЭС боюнча сурамжылоо жүргүзгөн басылмага айып пул салынды

Казакстандагы «Уральская неделя» басылмасынын башкы редактору Тамара Еслямова.

Казакстанда АЭС куруу боюнча референдум алдында Орол шаарынын соту жергиликтүү гезитинин негиздөөчүсүнө 110 миң теңге айып пул салды. Соттун жүйөсүнө караганда, Тамара Еслямова атомдук станциянын курулушу тууралуу калк арасында сурамжылоо жүргүзүү менен коомдук пикирди билүү эрежелерин бузган. Бул тууралуу 11-октябрда "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Кеп 30-сентябрда "Орол жумалыгы" (Уральская неделя) басылмасынын YouTube-каналына жана Telegram-аккаунтуна чыккан видео тууралуу болууда. Анда кабарчы көчөдө бараткан тургундардан АЭСтин курулушу жана референдум тууралуу пикирин сураган.

Прокурор билдиргендей, бир нече адамды сурамжылоо менен "Шайлоо тууралуу" мыйзамдын беренеси бузулган. Ага ылайык, сурамжылоо жүргүзө турган уюм алдын ала кат түрүндө Борбордук шайлоо комиссиясын кабардар кылышы керек эле.

Гезиттин башкы редактору Тамара Еслямова сотто журналисттик блиц-сурамжылоо (вокс-поп) менен социологиялык сурамжылоонун айырмасын түшүндүргөнгө аракет кылганын, натыйжа чыкпаганын айтты.

Ал эми социолог Серик Бейсембаевдин пикиринде журналисттер көчөдө өткөргөн блиц-сурамжылоо менен коомдук пикирди изилдөө үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоонун айырмасы асман менен жердей.

"Блиц-сурамжылоо кайсы бир тема боюнча өтүп бараткан адамдардын пикирин билүү үчүн өткөрүлөт. Ал эч кандай изилдөө эмес", - дейт Бейсембаев.

Бир катар сөз эркиндигин коргоо менен алектенген жергиликтүү уюмдар сот чечимин айыптаган билдирүү жасашты.

Казакстан "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча индексинде 142-орунду ээлейт.

Дагы караңыз

ТИМ "Милтон" бороонунан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирдиПакистанда куралдуу жоочулардын кол салуусунан 20дан ашуун шахтачы мүрт кеттиАмерикада "Милтон" бороону 10дон ашуун адамдын өмүрүн алды