Пакистанда куралдуу жоочулардын кол салуусунан 20дан ашуун шахтачы мүрт кетти

Белужистан провинциясындагы куралдуу топтордун кезектеги чабуулунун кесепети. 26-август, 2024-жыл.

Пакистанда 11-октябрдын таңында белгисиз куралчан жоочулар 20дай шахтачыны өлтүрүп кетти. Бул тууралуу полиция билдирди. Окуя өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Белужистан провинциясынын Дуки районундагы көмүр шахтасында болгон.

Полиция кызматынын өкүлү Хумаюн Хан журналисттерге билдиргендей, кол салгандар гранатометторду да колдонушкан. Кандуу кол салуу үчүн бир да топ жоопкерчиликти өз мойнуна ала элек.

Дуки райондук ооруканасына жараат алган жети адам кайрылды.

Кен байлыктарына бай Белужистанда жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу топтордун чабуулдары катталган.

АКШда террордук деп таанылган "Белужистанды куткаруу армиясы" сыяктуу жергиликтүү жикчил топтор расмий Исламабадга каршы күрөш жүргүзүп келишет.

Талдоочулар Пакистандын Иран жана Ооганстан менен чектеш тилкесинде жайгашкан Белужистанда көптөгөн жылдардан бери коопсуздук күчтөрүнө жана жайкын тургундарга кол салып, түрдүү чабуулдарды уюштуруп келген жикчилер соңку кезде "Ислам мамлекетинин" согушкерлери менен чогуу аракеттене баштаганына көңүл бурууда.

Дагы караңыз

Орус армиясынын соккусунан Одессада төрт киши набыт болдуДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөтБир аптада сасык тумоо менен 4,6 миңден ашуун адам кайрылды, анын 66% балдар