Америкада "Милтон" бороону 10дон ашуун адамдын өмүрүн алды

Флорида штатын "Милтон" бороону каптап жатат. 9-октябрь, 2024-жыл. АКШ.

АКШнын Флорида штатын каптаган "Милтон" бороону 10дон көп кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу бир катар америкалык медиа каражаттары, анын ичинде CNN менен CBS жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып 11-октябрда кабарлады.

Флориданын губернатору Рон Десантис билдиргендей издөө иштеринин натыйжасында 1000дей киши аман-эсен куткарылды. Флоридада 3 миллиондой турак жай электр жарыксыз калууда.

Жергиликтүү бийлик бороон келтирген зыяндын материалдык чыгымын эсептеп, жарыялай элек. Анткен менен аналитиктердин баамында, бул сан миллиарддаган долларлады түзүшү мүмкүн.

"Милтон" жээкке жеткиче эле штатты 20га чукул торнадо каптап, жүздөн көп үй кыйрап, эки киши каза болгону кабарланган.

Калкы 7,5 миллионго жеткен Флориданын бийлиги 5 миллиондой кишини коопсуз жактарга чыгып кетүүгө чакырган. Ошентип кооптуу аймактардан 2 миллиондон ашуун адам чыгарылып, бул штаттын тарыхындагы эң ири эвакуация болуп калды.

Эки апта мурда ушул эле аймактарды "Хелен" бороону каптаган. Ал жалпы 270тей адамдын өмүрүн алган.

"Милтон" – жыл башынан бери Флориданы каптаган үчүнчү бороон. "Азаттык" ал жактагы айрым кыргызстандыктар менен байланышып, кабар алган. Азырынча Флоридадагы кыргызстандыктар арасына жабыркагандар тууралуу маалымат чыга элек.

Дагы караңыз

ДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөтОрус армиясынын соккусунан Одессада төрт киши набыт болдуБир аптада сасык тумоо менен 4,6 миңден ашуун адам кайрылды, анын 66% балдар