Бишкекте ок атуудан каза болгон Ырсалиев абактан 4-октябрда чыкканы белгилүү болду

Окуя болгон жер. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Бишкекте ок атуудан каза болгон бокс боюнча калыс Мукаш Ырсалиев 4-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен эч жакка чыкпоо тил каты аркылуу тергөө абагынан бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Райондук соттун маалыматына ылайык, Мукаш Ырсалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) 1-бөлүгү – өзгөчө ири өлчөмдөгү аладамчылык менен айып тагылып, 12-июлда 9-сентябрга чейин камакка алынган. Кийин анын камактагы мөөнөтү 9-октябрга чейин узартылган.

4-октябрда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчисинин токтому менен Мукаш Ырсалиевге козголгон кылмыш иши кылмыштын курамы жок деген негиз менен токтотулган.

Тергөө тобунун башчысы ушул эле күнү башка токтому менен Мукаш Ырсалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) 3-бөлүгү менен кылмыш ишин ачкан. Башкача айтканда ага ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча кине тагылып, анча оор эмес кылмыш жасаган деген айып коюлган. Атайын кызматтын тергөөчүсү Мукаш Ырсалиев анча оор эмес кылмышка шек саналып жатканын негиз кылып бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотуна өтүнүч берип, ал канааттандырылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 10-октябрда Бишкектин 7-кичи районунда бокс боюнча машыгуу залында ок атуудан бир адам каза болуп, эки киши жаракат алганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Мукаш Ырсалиев менен Жылдызбек Ниязалиевдин ортосунда финансылык пикир келишпестиктер болгон. Мукаш Ырсалиев 10-октябрда бокс залына барып өзүнө катталган “Сайга” мергенчилик мылтыгы менен Жылдызбек Ниязалиевге ок чыгарганы аныкталган. Мукаш Ырсалиев андан кийин ошол жерде турган С.Э. аттуу адамды бутка аткан. Экөө экөө кармаша кетип, Мукаш Ырсалиевдин башына кокустан ок атылып, ал ошол жерден каза болгон.

С.Э. аттуу адамдын санына ок тийген. Ал эми Жылдызбек Ниязалиев ичине жана көкүрөгүнө ок жеген. Аларгы операция жасалып, абалы оор деп бааланууда.

Мукаш Ырсалиев Эл аралык бокс ассоциациясынын үч жылдыз даражасындагы калысы. Жылдызбек Ниязалиев Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын ага машыктыруучусу. Быйыл июнь айында Жылдызбек Ниязалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жолдоп, “Жунхай” базарынын маңдайындагы 8 сотых жери талашка түшүп жатканын айтып жардам сураган жана Мукаш Ырсалиевдин атын атаган. С.Э. ким экени белгисиз. (BTo)

Дагы караңыз

ДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөт“Кыргызкөмүрдүн” директорунун орун басары текшерүүдөн кийин кызматтан алындыБишкекте ок тийип, ооруканага түшкөн эки адамдын абалы оор экени айтылдыЗамирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулдуИИМ Бишкекте бир адам каза болуп, экөө жараат алган окуя боюнча маалымат берди