ДСУ: Кыргызстанда психикалык саламаттыгы жабыркагандар калктын 11% түзөт

Бишкектеги Психикалык ден соолуктун республикалык борбору.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) эсебинде Кыргызстанда калктын 11% психикалык жактан жабыркайт. Бул тууралуу 11-октябрда ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен Саламаттык сактоо министрлигинин өлкөдөгү психикалык ден соолукка байланыштуу маселе талкууланган жыйынында айтылды.

ДСУ өлкөдө өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого кабыларын, бул алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, стресске алып келерин билдирди.

2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын болжол менен 15% психикалык оорудан жабыркай турганы такталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча депрессия жана тынчсыздануу жылына болжол менен 12 миллиард жумуш күнүн жоготуп, экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жыл сайын 1 триллион долларга жакын жоготот.

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы маалыматы боюнча, 29 миң 369 адам психикалык дарттан жабыркай турганы аныкталган. 2019-жылы 47 миңден ашуун экени белгиленген. (BTo)

Дагы караңыз

“Кыргызкөмүрдүн” директорунун орун басары текшерүүдөн кийин кызматтан алындыБишкекте ок тийип, ооруканага түшкөн эки адамдын абалы оор экени айтылдыЗамирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулдуИИМ Бишкекте бир адам каза болуп, экөө жараат алган окуя боюнча маалымат бердиЗеленский Европа өлкөлөрүн кыдырып, Жеңиш планын талкуулоодоФутбол: Кыргызстан Катарга 1:3 эсебинде утулду