Бишкекте ок тийип, ооруканага түшкөн эки адамдын абалы оор экени айтылды

Окуя болгон жер. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Бишкекте бокс боюнча машыгуу залында ок атуудан жаракат алып ооруканага түшкөн эки бейтаптын абалы тууралуу маалымат берди.

Министрлик С.Э. аттуу адам Клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатканын, операциядан кийин абалы оор экенин билдирди. Анын санына ок тийген. Экинчи Н.Ж. аттуу кишинин ичине жана көкүрөгүнө ок тийген. Операция жасалып абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, окуя 10-октябрда Бишкектин 7-кичи районунда болгон. Ы.М. жана Н.Ж. аттуу эки жарандын ортосунда финансылык пикир келишпестиктер болгону, ошол себептен Н.Ж. жана С.Э. иштеген машыгуу залына Ы.М. курал менен барып, дооматтарын койгону, өзүнө катталган “Сайга” мергенчилик мылтыгы менен Н.Жга ок чыгарганы маалымдалган.

ИИМ билдиргендей, андан соң Ы.М. ошол жерде турган С.Э. аттуу жарандын бутуна атканда экөө кармаша кеткен, С.Э. өзүнө карата кайрадан такалган мылтыктын найын бурууга аракет кылган. Ы.М. аттуу жарандын башына кокустан ок атылып, ошол жерден каза болгон.

Факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш ишин козгоду.

Каза болгон киши Эл аралык бокс ассоциациясынын үч жылдыз даражасындагы калысы Мукаш Ырсалиев, жараат алган Н.Ж. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын ага машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев экени айтылууда. Быйыл июнь айында Жылдызбек Ниязалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жолдоп, “Жунхай” базарынын маңдайындагы 8 сотых жери талашка түшүп жатканын айтып жардам сураган жана Мукаш Ырсалиевдин атын атаган. (BTo)

Дагы караңыз

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулдуИИМ Бишкекте бир адам каза болуп, экөө жараат алган окуя боюнча маалымат бердиЗеленский Европа өлкөлөрүн кыдырып, Жеңиш планын талкуулоодоФутбол: Кыргызстан Катарга 1:3 эсебинде утулдуБишкекте ок атылып, адам каза болгону кабарланды БУУ өкүлү Кыргызстанды журналисттер боюнча ишти калыс карап чыгууга үндөдү