ИИМ Бишкекте бир адам каза болуп, экөө жараат алган окуя боюнча маалымат берди

ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте 10-октябрда адам өлүмү менен аяктаган окуя боюнча баштапкы маалымат таратты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 7-кичи райондо болгон.

Ы.М. жана Н.Ж. аттуу эки жаран ортосунда финансылык пикир келишпестиктер болгону, ошол себептен Н.Ж. жана С.Э. иштеген машыгуу залына Ы.М. курал менен барып, дооматтарын койгону, өзүнө катталган "Сайга" мергенчилик мылтыгы менен Н.Ж. аттуу жарандын курсагына ок чыгарганы маалымдалды.

Андан соң, ИИМ билдиргендей, Ы.М. ошол жерде турган С.Э. аттуу жарандын бутуна атканда экөө кармаша кеткен, С.Э. өзүнө карата кайрадан такалган мылтыктын найын бурууга аракет кылган.

“Бул коргонуунун жүрүшүндө Ы.М. аттуу жарандын өзүнүн башына кокустан ок атылып, ошол жерден каза болгон. Азыркы учурда чыныгы жагдайды аныктоого жана юридикалык баа берүүгө багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Н.Ж. жана С.Э. дарылоо мекемесинде жатышат. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды”, - деп айтылды маалыматта.

Факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоду.

Айрым маалымат каражаттары каза болгон киши Эл аралык бокс ассоциациясынын үч жылдыз даражасындагы калысы Мукаш Ырсалиев, жараат алган Н.Ж. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын ага машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев экенин жазып жатышат. Быйыл июнь айында Ниязалиев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жолдоп, “Жунхай” базарынын маңдайындагы 8 сотка жери талашка түшүп жатканын айтып жардам сураган жана Мукаш Ырсалиевди атаган. (RK)

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстан Катарга 1:3 эсебинде утулдуБишкекте ок атылып, адам каза болгону кабарланды АКШдагы Нурдин: "Бороондон коркуп, үйгө кайттык"АКШда "Милтондун" айынан миллиондой үй-жай жарыксыз калды