"Согушта танк жарылып, жарадар болдум". Орусия азапка салган Азамат

Азамат Орусия оккупациялаган Луганскинин аймагындагы госпиталдан жиберген сүрөт. (аманат сүрөт)

Кыргызстандык Азамат Украинадагы согушта жаракат алып, аскердик госпиталда дарыланып жаткан жеринен "Азаттык" менен байланышты. Ал соңку бир айда эки ирет жарадар болуп, ага карабай кандуу кармашка кайра-кайра жиберилген. Азамат эки ай мурун орус абагынан согушка айдалган.

"Азаттык" коопсуздуктан улам Азаматтын аты-жөнүн, соттолгон беренесин, кайсы абакта жатканын ачык жаза албайт. Ал өз өмүрүнө коркунуч туулуп жаткан учурда бизге маалымат берди.

"Сураныч, жазгандарымдын баарын чыгаргыла. Бул жакта эмне болуп жатканын башкалар билсин", - деди биз менен болгон маектин башталышында Азамат.

Ал Орусия оккупациялаган Луганскинин аймагындагы госпиталдардын биринен телефондон байланышты. Соңку үч айда бул госпиталга экинчи жолу түшкөн экен.

"Бизди азыр аскер полициясы кайтарып жатат. Алар телефондон маалымат бергенимди билсе, "обнулять" этип коюшу ыктымал. (Бул жердеги ички эрежелерди бузгандардын көзүн тазалоону ушинтип тергеп айтышат). Мен ушуну менен экинчи жолу жаракат алып жатам. Биринчисинде танк жарылып, бул жакка алып келишкен. Айыгып чыкканга чейин ой-боюма койбой фронтко айдашты. Бул жолу дрон сыныктары далыма тийип, операция болдум. Операция болгонума эки эле күн өттү. Эми мени кайра согушка жиберишет экен. Согуштан куткарып калгылачы!"

Азаматка госпиталдан берилген документ.

"Келишимде жаракат алганыма байланыштуу эс алуу берилет дешкен. Бирок андай болгон жок. Дагы барасың дешти. Ким барбаса "атып салабыз" дешет. Азыр жанымда колу же буту жоктор да согушуп жүрөт. Сарык же ВИЧ менен ооругандарды да айдашкан. Үйгө эч кимди жибербей жатат. Догдурлар болсо бизди дарылагысы келбейт. Мамилеси начар. Алар деле кагаздарына "согушка жарайт" деп жазып, аскерлерге салып берип коюп жатышат".

"Азаттыктын" колуна Азаматка госпиталдан берилген документ жана дарыгерлердин тастыктамасы тийди. Каарманыбыздын коопсуздугунан улам биз андагы маалыматтарды ачык жарыялай албайбыз.

Дарыгерлердин тастыктамасынан:

"Операция бүткөндөн кийин кеминде эки апта аскердик аракеттерге катышпашы керек. Бейтаптын далысынан темир сыныктар алынган. Жардыруулардан улам бир кулагы жакшы укпайт".

Азамат 24 жашта, Москвадагы тергөө абагынан биринде отурган. Согушка августтун башында барганын айтып берди:

"Эки жылдай камакта болдум. Соттун чечими чыккандан кийин ушул чечимге келгем. Мен отурган жерден 22 бала кеткенбиз. Бизди эки жумадай даярдап эле фронтко жиберишти. 22 адамдын ичинен экөөбүз эле жеттик. Бизди Луганск тарапка жиберди. Орусия басып алган Макеевка тарапта болдук. Абактан баргандарды "зектер" деп аяшпайт экен. Алдына бизди салып коюп атышты. Эң коркунучтуу, кооптуу жерлерге бизди жиберишет. Өлгөндөрдүн сөөктөрү ошол эле жерде калат экен. Аларды дарактардын түбүнө үйүп коюшат. Дрон менен видеого тартып албасын деп ушинтип жашырышат".

"Азаттыктын" колуна тийген документтерге караганда, үч ай мурун Москва райондук соту Азаматты беш жылга эркинен ажыраткан. Сот процесси бир жыл мурун башталып, быйыл жайында аяктаган. Азаматка айып тагылган беренеде эң оор жаза катары беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Орусиядагы соттордун чечимдери жарыяланган сайттан маалымат.

Ушул учурда Азамат менен байланыш үзүлдү. Азыр анын кайда экени белгисиз. "Азаттыкка" акыркы жолу салган сүрөтүндө аны госпиталдан аскер бөлүгүнө алып кетип баратканын кабарлаган:

"Азыр аскер полициясы бизди алып кетип баратат. Мындан кийин байланышка чыга аламбы, билбейм. Эгер жооп бербесем, эжеме кайрылгыла".

Азамат аскердик бөлүккө баратып жиберген сүрөт.

Азамат - төрт бир туугандын кенжеси, үй-бүлөдө жалгыз эркек. Орусияда камалганга чейин дүкөндөрдүн биринде иштеген. "Азаттык" Азамат жиберген номурга чалып, анын бир тууган эжеси менен байланышты:

"2022-жылы СИЗОго түштү. Соту ушул убакытка чейин уланып келди. Беренеси анчалык оор эмес болчу. Соту бүтүп-бүтпөй, инимди СИЗОдон алып кетип калышты. Беш жылга чейин камалышым мүмкүн деп эле кетип калбадыбы. Ал бир жыл жүрүп келип, эркиндикке чыгам деп ойлоптур. Аларды алып кетип жатканда: "Үч ай силерди жакшылап даярдап, анан жиберебиз. Алты айда эркиндикке чыгып каласыңар", - деп алдашат экен. А бирок ал августтун башында кетип, он күндөн кийин эле госпиталга жаракат алып жатып калдым деп чалды. Биз менен ошондо гана байланышка чыкты. Алар госпиталга жаракат алып түшсө гана бирөөлөрдүкүнөн жакындарына чалышат экен. Ага чейин такыр телефон карматпайт экен. Бир жумадай дарыланды. Андан кийин кайра байланыш үзүлдү. Көрсө дагы алып кетишкен экен. Барбайм десе болбой алып кетиптир. "Мени өзүбүздүн аскерлер эле атып салат болбосо" деп айтты. Ошондуктан эч нерсе дебей кетишет экен".

Азамат согушта эмне көргөнүн, аларга кандай мамиле жасаларын эжесине айтып берген. Ал эжесин орус бийлигине, укук коргоочуларга кайрылсын деп, колундагы документтердин баарын сүрөткө тартып жиберген.

"Ал мага бир да жолу украин аскерлерин көрө элекмин деди. Барганына үч айдай болду. Бир да жолу тиги тараптан тирүү киши көрө элекмин дейт. Бизди дрон менен эле кырып салышат экен дейт. Сөөктөр жерде эле жатат экен. Ал тургай ооруканага же моргго да алып кетишпейт экен. Алардын өздөрү жаракат алса, ошол эле Луганск облусундагы госпиталга жеткиришет. Качып кетишет деп Орусия тарапка киргизбейт экен. Кыргыз, өзбектер көп дейт. Ал бир өзбек кишинин окуясын айтып берди. Бир жылдан бери согушта экен. Бирок келишими бүтсө да коё беришпептир. Айтылган акчасынын бирин да алган жок. Кыскасы майып болуп же өлүгүң келет экен. Келишим бүтсө деле кете албайт экенсиң", - деди Азаматтын эжеси.

Согуштагы мигранттын эжеси ушул тапта Москвада Орусиянын прокуратурасынан, Коргоо министрлигинен жардам сурап жүрөт. Анын "Азаттыкка" телефондон айткан сөздөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес экенин эскертебиз.

Дагы караңыз

“Ата, абактан согушка кеттим”. Орус түрмөсүнөн Украинага айдалган мигранттар

"Өлүгүн күтүп калган элек. Кудай жалгап, аман келди"

Уулу аман келгенине сүйүнгөн Анаркул менен Ош облусунун айылдарынын биринде жолуктук. Украинадагы урушта орус армиясынын катарында согушкан уулу майып болуп келген.

"Анын чокусуна ок кирип кеткен экен. Азыр төбөсүндө чачы жок. Рентгендин кагазында колуна 15 ок тийгени көрүнүп турат. Балтырынын этин жулуп кеткен экен".

Анаркул "Азаттыктын" кабарчысы менен.

Анаркул анын уулун да Орусиядагы абактан мажбурлап, урушка айдашканын айтат. Уулу Москвада курьер болуп иштеп жүргөн жеринен маңзат сатууга шектелип, кармалган экен.

"Түрмөдө да балдарды алып кетип атышат деп айтып калды. “Бур” (ред. - катаал режимдеги камера) деген жер бар экен. Ошол жакка аларды киргизип турушчу экен. Ал жактан чыкканда согушка кол коюп бергендер болчу экен. Бир жолу менин да уулумду “Бурга” алып кирип кетишти. Ал чалып, мен эреже буздум, алып киришет деген. Ошол бойдон жок болду. Инимдин баласы бар Орусияда. Ошого гана чалып, мен кеттим деп айтыптыр".

Уулунун согушка кеткенин укканда бир жылдай Орусияда жашап, баласын издеген. Ал уулу жарадар болгонуна карабай кайра согушка айдалганын айтып берди:

"Бир жыл жүрдүм Москвада. Бир күнү эле телефон чалуу болуп калды. Алсам, госпиталдан балам экен. Баламдын тирүү экенин ошондо билдим. “Ата, жакшымын” деди. Андан эки-үч ай өткөндөн кийин Кара деңизге алып келди. Ошол жерде согуштан келгендерди дарылаган үйлөр бар экен. Ал жерде дарыланып жатканда өзүм чыдабай улуу баламды жиберип, алып келдирип алдым. Алты айга кеткен экен. Андан көп жүрүп койду. Кабар бере албай жүрүптүр. Госпиталда да көпкө чейин эсине келбей жатыптыр. Ал көрсө госпиталга түшкөндөн кийин кайра фронтко жиберишкен экен. Жаны барбы, атыша берсин деп, колу, башы байланган бойдон кайра согушка жиберишиптир. Ошондо дагы жарадар болуп, жыгылган экен. Ошентип, эсин жоготуп, кайра госпиталга түшүптүр".

Дагы караңыз

"Абакта жок, согушта жок". Орус түрмөсүндөгү Каныбек азыр кайда?

Анаркулдун уулу ушул тапта Москвада. Ал орус паспортун алганы менен, орус өкмөтү убада кылган акчаны толук көргөн эмес.

"Ага 500 миң рубль беришиптир. Үч-төрт орден менен келди. Москвада жүргөндө кыргыздарды чакырып, түлөө өткөрдүм. Андан кийин дагы ордерлери келди. Азыр жалпы жонунан сегиз ордени бар. Андан башка жардам болбоду. Балам менен келген балдардын баарын кайра согушка алып кетип калыптыр. Менин балам майып болгон үчүн калып калды окшойт".

Мигранттардын укугун коргоп жүргөн юрист Мирлан Токтобеков жаракат алгандарды кайра согушка салган учурлар көп катталып жатканын ырастады:

Мирлан Токтобеков.

"Мен азыр согушта жүргөн бир нече кыргызстандык менен байланыштамын. Алар дагы абактан кетишкен. Алар мага "бул согуштан өлүп эле кутулбасак, кутула албайт экенбиз" дешти. Алардын арасында эки же үч жолу жаракат алгандары бар. Ден соолугунан майып болуп, жарабай калганына карабай фронтко айдап жатышат. Мага бири госпиталдын жертөлөсүнө аларды камап, согушка барасыңар деп кыйнап жатканын айтып берди".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын түрмөлөрүндө 1 жарым миңге чукул кыргыз жараны отурат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү") менен күнөөлүү деп табылган. Жогорудагы берене боюнча орус соту бир миллион рублга чейин айып пул же 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын чегерет. Башкача айтканда, бул берене өзгөчө оор кылмыштар үчүн коюлат.