10-октябрь: Эки журналист абакка кесилди, Адабият боюнча Нобел сыйлыгы Хан Ганга ыйгарылды

Азамат Ишенбеков, Махабат Тажибек кызы, Аида Бейшекеева

10-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

11 журналисттин иши: Сот Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга кести

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды. Ушул эле беренелер менен айып тагылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековго беш жыл берилди. “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга үч жылдан пробациялык жаза берилди, сот залынан бошотулду. Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде актоо чечими чыкты. Журналисттер айыпты четке кагып, камакка алуунун себептерин өз иликтөөлөрү менен байланыштырган.

Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага Москвада операция жасалат

Ал 9-октябрда Москвага учуп кеткенин адвокат Индира Саутова "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, Москвада анын мурдуна операция жасалат. Ногойбаеваны агасы коштоп жүрөт. Адвокаты белгилегендей, Ногойбаеванын жүзүндө өзгөрүү болгондуктан, чек арадан өтүүдө кыйынчылыктар жаралган. Маселени чечүүгө Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жардам берген. Буга чейин кыргызстандык дарыгерлер Ногойбаевага бир нече этап менен операция жасалышы керектигин билдирген. 2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Орусиянын “Росатом” ишканасы Миң-Кушта “Как” жана “Талды-Булактан” уран калдыктары ташылып бүттү

Жумгал районунун “Туюк-Суу” уран калдыктары сакталган жайда да иштер соңуна чыгып калганы кабарланды. Бул тууралуу “Росатомдун” башкы директорунун орун басары Николай Спасский Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Миң-Куш айылына иш сапары менен барганда айтканын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. “Росатом” ишканасы Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштерин 2023-жылы август айында баштаган. “Росатом” программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган. Быйыл июнь жана сентябрь айларында “Туюк-Суудан” уран калдыктарын ташып бараткан оор жүк ташыган автоунаалар кырсыкка кабылып, коомчулулуктун тынчсыздануусун жараткан.

"Кыргызалтын" 50 миллиондук сомдук алтын куймалары сатуудан 3 млн сом түшкөнүн билдирди

Бул тууралуу 10-октябрда президент Садыр Жапаров "Кыргызалтын” ишканасынын өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барган учурда айтылды. Мамлекет башчы алтын куймаларын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү жолу экенин, аны сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин белгилегенин президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле өлкөдө өндүрүлгөн алтын акыры эл аралык биржаларда сатылып, анда баа фирмалык дүкөндөн төмөн болушу мүмкүн экенин айткан. Бишкекте "Кыргызалтындын" алтын куймаларын саткан дүкөнү 5-сентябрда ачылган.

Израил "Хезболлага" каршы соккусу уланганын, дагы бир маанилүү мүчөсү жок кылынганын айтты

Израил «Хезболла» (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) тобуна каршы чабуулдарын улантып жатканын, анын дагы бир маанилүү мүчөлөрүнүн бирин жок кылганын 10-октябрда жарыялады. Израил армиясы (ЦАХАЛ) «Голан террордук түйүнүнүн мүчөсү Адам Жахут Сириянын Кунейтра аймагына жасалган авиа чабуулдун натыйжасында өлтүрүлгөнүн», ал Сириядагы чалгын булактарынын маалыматын «Хезболлага» жеткирип, Голан дөңсөлөрүндө Израилге каршы операцияларды уюштурууга катышып турган киши болгонун маалымдады. "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар. Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн.

Орусиядагы блогер жана укук коргоочу Журабек Амоновду депортациялады

Ал «Суянч» деп аталган YouTube жана Telegram каналдарынын автору, Өзбекстандан Орусияга барып иштеп жүрүп, ар кандай көйгөйгө туш болгон эмгек мигранттарынын окуяларын жарыялап келген. 2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачканда Амонов эмгек мигранттарын фронтко азгырып айдап жатышканы тууралуу коомчулукка биринчилерден болуп ачык айткан. Видеолорунун биринде Орусиянын Коргоо министрлигинин кызматкерлери мигранттарды орус жарандыгын алуу үчүн алар менен келишим түзүүгө чакырып жатканын көрсөткөн. Бир нече апта мурда өзбекстандык блогерди күч кызматкерлери издеп барып, документинин баары жайында болгонуна жана бир жыл алдыга төлөнгөн патенти бар экенине карабастан аны «Орусиянын аймагында жүрүү тартибин бузгансың» деп айыпташканы жана кармап кетишкени маалым болгон.

Ооганстандагы "Талибандын" Ташкенттеги элчиси кызматка киришти

Өзбекстан жана Ооганстан ортосундагы кызматташтык маселеси Ташкентте тышкы иштер министри (ТИМ) Бахтиёр Саидовдун «Талибан» башкарган ооган өкмөтүнүн Өзбекстанга жаңы дайындаган элчиси Абдула Гаффар Терави менен жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу 10-октябрда өзбек тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматынын маалыматына таянып «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды. Абдул Гаффар Терави Ооганстандын атынан Өзбекстанга дайым көрсөтүп келаткан жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы Түштүк Кореянын жазуучусу Хан Ганга ыйгарылды

Сыйлык анын «тарыхый травмаларга каршы күрөшкөн жана адам өмүрүнүн морттугун ачкан күчтүү поэтикалык прозасы үчүн» ыйгарылганын Нобел комитети бүгүн 10-октябрда жарыялады. «Хан Ган өзүнүн чыгармачылыгында тарыхый травмаларга жана көзгө көрүнбөгөн эрежелерге каршы туруп, ар бир чыгармасында адам жашоосу канчалык алсыз экенин ачып берет. Ал дене менен жандын, тирүү менен өлүктүн байланышын уникалдуу баамдап, өзүнүн поэтикалык жана тажрыйбалык стили менен азыркы прозада новаторго айланды», - деп айтылды комитеттин маалыматында. Сеул Искусство институтунун окутуучусу Хан Ган 54 жашта, ал Нобел сыйлыгына татыган алгачкы түштүккореялык жазуучу болду, 2016-жылы англис тилине которулган эң биринчи романы үчүн эл аралык Букер сыйлыгын алган.