Оппозиция менен кызматташкан казак активистинин өкүмү өзгөрүүсүз калды

Асылбек Жамуратов.

Казакстанда оппозиция менен кызматташкан, жарандык коом өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүп келген бизнесмен жана активист Асылбек Жамуратовдун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз негизсиз деген жүйө менен четке кагылды.«Азаттык» радиосунун казак кызматы жазгандай, 8-октябрда Алматыда апелляциялык сот активисттин өкүмүн күчүндө калтырган чечим чыгарды.

Алматылык Асылбек Жамуратов былтыр 30-ноябрда кармалгандан бери абакта отурат. Ага «Террордук жана экстремисттик ишмердүүлүктү каржылаган» жана «Тыюу салынган уюмду уюштурган жана ага катышкан» деген айып тагылган. Быйыл август айында Алматы облусунун Конаев шаардык соту аны жети жылга эркинен ажыратып, коомдук жана саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө беш жылга тыюу салган.

Qaharman Kz укук коргоо уюму айыптоочу тарап сотко жетиштүү далил келтире албаганын айтып чыккан.

Укук коргоочулар активист саясий куугунтукка алынып жатканын айтышат. Себеби ал Казакстанда бийликтин уруксатын ала албай келаткан "Алга, Казакстан!" оппозициялык партиясы менен кызматташып жүргөн, 2022-жылы аймактардагы активисттерге каржылык жардамын көрсөткөн, мессенжерлердин биринде 11 кишини, анын арасында бозгундагы оппозиционер саясатчы, азыркы тапта Европада жашаган Мухтар Аблязовду кошуп өзүнчө чат ачкан.

Расмий Астана Казакстанда саясий туткундар жок экенин, саясий көз карашы үчүн эч ким куугунтукталбай турганын билдирип келет.

Аблязов жетектеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы Казакстанда экстремисттик уюм деп жарыяланган жана анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Европа Биримдиги бул кыймылды тынч оппозиция деп атаган. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлиги өкмөткө сын айткан жарандарын экстремист жана террорист деп атап, куугунтуктап жатканын белгилеген. (RK)

Дагы караңыз

"Бир мектептен 40тан ашык мугалим иштен кетти". Билим берүүдөгү реформадан чыккан талкуу Орусиядагы белгилүү өзбекстандык мигрант блогер депортацияландыМилиция Чолпон-Атада мектепте окуучу кыздардын сабалганы боюнча окуяны териштирип жататОн бир журналисттин иши: Махабат Тажибек кызы алты, Азамат Ишенбеков беш жылга кесилди