11 журналистке чыккан сот өкүмү сөз эркиндигине соккубу?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Ленин райондук соту “Темиров лайв” медиасынын эки журналистин беш жана алты жылга кесип, дагы эки иликтөөчүгө үч жылдан пробациялык жаза берди. Ал эми калган жети журналист акталды. Алар “массалык башаламандык” беренеси боюнча айыпталып, быйыл башында кармалган эле.

Бишкектин Ленин райондук соту “Темиров лайв” медиасынын эки журналистин беш жана алты жылга кесип, дагы эки иликтөөчүгө 3 жылдан пробациялык жаза берди. Ал эми калган жети журналист акталды. Алар “массалык башаламандык” беренеси боюнча айыпталып, быйыл башында кармалган эле. Соңку сот чечимин журналисттер коомчулугу бул чечимди сөз эркиндигине болгон кысым катары сыпаттап жатышат. Ал эми бийлик алар жалган маалыматтарды таратып турганын айтып келет.