"Кыргызалтын" алтын куймаларын сатуудан 3 млн сом түшкөнүн билдирди

Президент Садыр Жапаров "Кыргызалтындын" дүкөнүнө барды. 10-октябрь, 2024-жыл

"Кыргызалтын" 50 миллиондук сомдук алтын куймалары сатылганын, андан түшкөн таза киреше 3 млн сомду түзгөнүн билдирди.

Бул тууралуу 10-октябрда президент Садыр Жапаров "Кыргызалтын” ишканасынын өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барган учурда айтылды.

Мамлекет башчы алтын куймаларын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү жолу экенин, аны сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин белгилегенин президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле өлкөдө өндүрүлгөн алтын акыры эл аралык биржаларда сатылып, анда баа фирмалык дүкөндөн төмөн болушу мүмкүн экенин айткан.


Азыркы учурда өлчөнгөн куймаларды бардык каалоочулар, башка мамлекеттердин жарандары да фирмалык дүкөндөн сатып ала алышат.

"Кыргызалтындын" алтын куймаларын саткан дүкөнү 5-сентябрда ачылган.

Буга чейин алтын куймаларын сатып алуу Улуттук банктын кассасы аркылуу гана мүмкүн болчу.

Алтын куймаларын эркин сатууга уруксат берген президент Садыр Жапаровдун буйругу чыккан. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусиядагы белгилүү өзбекстандык мигрант блогер депортацияландыМилиция Чолпон-Атада мектепте окуучу кыздардын сабалганы боюнча окуяны териштирип жататОрусияда аскердик аэродром өрттөнүүдөАба ырайы: жаан жаайтИзраил "Хезболлага" каршы соккусу уланганын, дагы бир маанилүү мүчөсү жок кылынганын айтты