Орусиядагы белгилүү өзбекстандык мигрант блогер депортацияланды

Журабек Амонов.

Орусия бул өлкөдөгү өзбекстандык мигранттар арасында белгилүү блогер жана укук коргоочу Журабек Амоновду депортациялады. Ал «Суянч» деп аталган YouTube жана Telegram каналдарынын автору, Өзбекстандан Орусияга барып иштеп жүрүп, ар кандай көйгөйгө туш болгон эмгек мигранттарынын окуяларын жарыялап келген.

2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачканда Амонов эмгек мигранттарын фронтко азгырып айдап жатышканы тууралуу коомчулукка биринчилерден болуп ачык айткан. Видеолорунун биринде Орусиянын Коргоо министрлигинин кызматкерлери мигранттарды орус жарандыгын алуу үчүн алар менен келишим түзүүгө чакырып жатканын көрсөткөн.

Бир нече апта мурда өзбекстандык блогерди күч кызматкерлери издеп барып, документинин баары жайында болгонуна жана бир жыл алдыга төлөнгөн патенти бар экенине карабастан аны «Орусиянын аймагында жүрүү тартибин бузгансың» деп айыпташканы жана кармап кетишкени маалым болгон.

Өлкөдөн чыгарылар алдында ал журналисттер менен байланышып, окуя тууралуу айтып берди.

«Патентиң жокко чыгарылган деп айтышты. Мен андай болушу мүмкүн эмес экенин айттым. Мен жашаган батирди кантип таап келишкенин да билбейм», – деп Амонов “Настоящее Время” телеканалына кабарлады.

Анын айтымында, башка мигранттарга сунуштап жатышкандай эле, ага да Украинага барып согушууну, эгер макул болсо Орусиядан депортация кылынбай турганын айтышкан.

Блогерди алгач чет элдик жарандар кармалуучу борборго жөнөтүшкөн, ал жакта өлкөдөн чыгарылганга чейин эки аптадай кармашкан. Эки аптанын беш күнүн блогер айып изоляторунда өткөргөн. Амонов билетти өз акчасына сатып алып, учуп кетүүгө даяр экенин айткан, бирок андайга уруксат бербей коюшкан.

Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурула баштаган. Быйыл жыл башынан бери орус полициясы өлкөдөн 65 миң чет элдикти чыгарып, 120 миң чет өлкөлүктүн кирүүсүнө тыюу салды. Орусияга мигранттар агымы соңку 10 жылда алгачкы жолу эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, экономисттердин өлкөдө жумуш күчүнүн жетишсиздиги башталат жана тейлөө акысы кымбаттайт деген кооптонуусун жаратууда. (RK)

Дагы караңыз

Милиция Чолпон-Атада мектепте окуучу кыздардын сабалганы боюнча окуяны териштирип жататОн бир журналисттин иши: Махабат Тажибек кызы алты, Азамат Ишенбеков беш жылга кесилди Орусияда аскердик аэродром өрттөнүүдөАба ырайы: жаан жаайт