Израил "Хезболлага" каршы соккусу уланганын, дагы бир маанилүү мүчөсү жок кылынганын айтты

Ливан. Бейрут.

Израил «Хезболла» (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) тобуна каршы чабуулдарын улантып жатканын, анын дагы бир маанилүү мүчөлөрүнүн бирин жок кылганын 10-октябрда жарыялады.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) «Голан террордук түйүнүнүн мүчөсү Адам Жахут Сириянын Кунейтра аймагына жасалган авиа чабуулдун натыйжасында өлтүрүлгөнүн», ал Сириядагы чалгын булактарынын маалыматын «Хезболлага» жеткирип, Голан дөңсөлөрүндө Израилге каршы операцияларды уюштурууга катышып турган киши болгонун маалымдады.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Израил Голан дөңсөлөрүн Жакынкы Чыгыштагы 1967-жылдагы согуштан кийин Сириядан аннексиялап алган. Аннексияны дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү тааныган эмес.

ЦАХАЛ 10-октябрдагы маалыматында «Хезболланын» дагы эки командири Ливандын түштүгүндө жок кылынганын, аскердик учактар ошол эле аймакта жана борбор калаа Бейрутта курал-жарак катылган кампаларды бутага алганын да билдирди.

Израилдин Ливандагы чабуулдары анын башкы союздашы АКШнын бул өлкөдөгү абалды Газа секторундагыдай кырдаалга жеткирбөө тууралуу эскертүүлөрүнө карабастан уланууда.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Андан бери топтун башка да лидерлери жок кылынып жатканы кабарланууда. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган. Мындай жагдай жалпы Жакынкы Чыгышта абал курчушу ыктымал деген кооптонууну жараткан.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин 8-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.

Бир жыл мурдагы бир күндө 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш жүрүп жаткан бир жылдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 42 миңге чамалады. Согушту токтотуу боюнча АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. (RK)

Дагы караңыз

11 журналист ким?Саясат, бизнес же криминал? “Салимбай байбачанын” Кыргызстандагы кызыкчылыгыУкраинада ракета соккусунан жети кишинин өмүрү кыйылдыАКШга студенттик визанын мөөнөтүн беш жылга узартуу сунушталды