Беларуста оппозиционер журналисттин үйү камакка алынды

Алексей Дикавицкий.

Беларуста оппозиционер журналист, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун мурдагы кабарчысы Алексей Дикавицкийдин үйү камакка алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Тергөө комитетине таянып радионун беларус кызматы жазды.

Пинск шаарынын чет жакасындагы жүз жыл мурда салынган жыгач үйдү Дикавицкийдин чоң атасы курган. Эми аны сатууга же башка мүлк операцияларын жүргүзүүгө болбойт. Кийин ал мамлекеттин эсебине чегерилиши да мүмкүн.

Камакка алуу тууралуу чечим кайсы кылмыш ишинин негизинде кабыл алынганы азырынча белгисиз. Дикавицкий азыркы тапта Польшада жайгашкан "Белсат" каналынын директорунун милдетин аткарып иштейт. Гомел шаардык соту 2021-жылы аталган каналды экстремисттик деп жарыялаган.

Беларуста бийликти сындаган саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин жана катардагы жарандардын мүлкү ар кандай шылтоо менен конфискация болгон окуялар буга чейин да катталган. (RK)

Дагы караңыз

Саясат, бизнес же криминал? “Салимбай байбачанын” Кыргызстандагы кызыкчылыгыЧечен бийлиги "Русская общинанын" ишин текшерүүнү талап кылды Израил армиясы Газада, Бейрутта аба чабуулун уланттыЖогорку сот: Замирбек Базарбеков кызматтан эмнеге кетти?