Соттолуп жаткан 11 журналист ким?

Сотто иши каралып жаткан 11 журналист

Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана "Темиров LIVE” долбоорлорунда, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген 11 журналисттин иши боюнча сот иши дээрлик аяктап калды. 

Быйыл 16-январда кармалган 11 журналисттин төртөө Бишкектеги тергөө абагында отурат. Алар: "Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева.

Жети журналист үй камагына чыккан: Максат Тажибек уулу ("Темиров LIVE” редакциясы), Акыл Орозбеков ("Темиров LIVE” редакциясы), Жумабек Турдалиев ("Темиров LIVE” редакциясы), Жоодар Бузумов (“Нур пресс” медиасы), Сапарбек Акунбеков (“Айт, айт десе” долбоору), Сайпидин Султаналиев (“Арча Медиа” мурдагы Next TV медиасы), Тыныстан Асыпбеков (“ПолитКлиника”)

Ички иштер министрлиги журналисттерге каршы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козгогон.

Журналисттер айыпты четке кагып, камакка алуунун себептерин өз иликтөөлөрү менен байланыштырат.

“Азаттык” жогоруда аты аталган 11 журналисттин инсандык бейнесине, кесиптик жолуна сереп салат.

"Биздин ишибиз - маалымат таратуу. Биздин кылмыштуу топтун мүчөлөрү, саясатчылар менен байланышыбыз жок"

Айке Бейшекееванын тергөө абагында отурганына тогуз айга чукулдады. Ал кармалган 11 журналисттин эң кенжеси. 16-январда 23 жашка чыккан Айке туулган күнүн тергөөчүнүн маңдайында сурак берүү менен өткөргөн.

Ал сотто камалган журналисттер мамлекетке зыян эмес, пайда алып келерин айткан.

Жакында эле Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму Айкеге адам укуктарын коргоодогу каармандыгы үчүн эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгын ыйгарган.

"Темиров LIVE” командасында беш-алты айдай фактчекер журналист болуп иштегенден кийин эле камалган.

Бишкекте төрөлүп, №38 мектеп-гимназияда окуган. Жогорку билимди Польшадагы Вистула университетинде алып, журналистика бөлүмүндө 3-курста окуп жаткан.

Айке алты тилде эркин сүйлөйт. Жакындары тергөө абагында корей тилин үйрөнүп жатканын айтышкан.

“Башаламандык уюштуруп, төңкөрүш жасагыдай биз саясатчы эмеспиз. Биз журналистпиз. Кандай бийлик келсе да, мыйзамсыздыкты, коррупцияны, кылмышты ашкерелей беребиз. Биз токтобойбуз”

Махабат Тажибек кызы 33 жашта. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында туулган. Алты бир туугандын улуусу. Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги юридикалык коллежде окуган. “Айт, айт десе” жана "Темиров LIVE” долбоорлорунун директору болгон. "Темиров LIVE” редакциясынын негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темировдун жубайы. 12 жаштагы уулу бар.

Апрель айында абакта сабалганы тууралуу маалыматтар чыккан. Жаза аткаруу кызматы аны төгүндөп, күнөөнү журналисттин өзүнө оодарган.

Махабат Тажибек кызы 26-сентябрда өткөн сотто ал төңкөрүш жасоону көздөбөгөнүн, болгону журналисттик милдетин аткарып келгенин белгилеген. “Башаламандык уюштуруп, төңкөрүш жасагыдай биз саясатчы эмеспиз. Биз журналистпиз. Кандай бийлик келсе да, мыйзамсыздыкты, коррупцияны, кылмышты ашкерелей беребиз. Биз токтобойбуз. Башаламандык жасоого эч кандай кызыкчылыгыбыз жок. Аны эркиндикти жоопкерсиздик менен чаташтырып, баары боло берет деген мааниде жашап келип, бүгүнкү күнү ошол бийлик-байлыгынан ажырап жаткандар, мурдагыдай жеп-уурдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган саясатчы, коррупционер жана башкалар жасашы мүмкүн”, - деген журналист.

Анын адвокаты Улан Сейитбеков кылмыш иши тууралуу “Азаттыкка” мындай деп чечмелеп берген:

“Махабат Тажибек кызынын декабрь айында чыккан эки видеосуна катуу асылып жатышат. Ошол видеолордо чакырыктар болгон деп жатат. Ал жерде Улан Ниязбеков жана Надира Нарматованын дарегине айтылган сөздөр болгон. Ошондой эле өлкөнүн 30 жылдан бери өнүкпөй жатканын, аткаминерлер, коррупционерлер тууралуу айткан. Ал жерде өзүнүн Конституцияда каралган эркин оюн айткан. Эч кандай бирөөнүн беделине шек келтирген эмес, жаман сөз айткан эмес”.

“Тергөө иштери, соттук процесстер кандай өтүп жатканы баарына эле белгилүү болуп турат. Негизи мындай кысымдар болбош керек эле”

27 жаштагы Азамат Ишенбеков социалдык тармактарда акын катары таанылган. Ал “Айт, айт десе” каналында коомдогу көйгөйлөрдү, саясий жүрүштөрдү ырга айланткан видеолорду чыгарып келген. Азамат камалгандан кийин коомчулук аны акын катары тааный турганын, өзүнө коюлган айыпка макул эместигин айткан.

Ата-энесинен эрте айрылган Азамат чоң ата, чоң апасынын колунда чоңойгон. Орто мектепти аяктагандан кийин Орусияга эмгектенгени кеткен. Небереси камалганда чоң апасы ооруп, оор абалда жатканы айтылган.

“Өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык схемаларын ачыктаганым үчүн куугунтукташууда”

Актилек Капаров 30 жашта. 2012-жылы орто мектептин аяктагандан кийин Бишкек гуманитардык университетине тапшырып, 2016-жылы аяктаган. Кесиптик жолун “Комсомольская правда” гезитинен баштаган. Төрт бир туугандын кичүүсү. Төрт тилде эркин сүйлөйт.

"Темиров LIVE” каналынын иликтөөчү журналисти болгон. Камалганга чейин Alga.media долбоорун негиздеп, иштеп жаткан.

Май айында Актилек Капаров өзүн токтоосуз бошотууну талап кылып, №1 тергөө абагында колун кескилегени маалым болгон. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, өзүнө тагылган айыптар, иштин деталдары жана башка жагдайлар жөнүндө маалымат берген.

Журналист бийликтегилердин жемкорлук иштерин ашкерелегени үчүн айыпка жыгылганын айтып, буга мисал катары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, башка аткаминерлердин жакындары, бийлик өкүлдөрүнө жакын компаниялар тендерлерди утуп жатканы, президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жана башка темалар жөнүндө соңку иликтөөлөрүн жүйө келтирген.

"Прокурор бизди "өздөрүнүн макалалары үчүн материал жыйнап, анан аны жарыялаган, бул үчүн акча алган деп (айлыкты айтып атат)" деди. Бул жайында күн ысыйт, кышында суук болот дегендей эле кеп. Биз эмне кышты суугу үчүн, жайды аптабы үчүн соттошубуз керекпи?" - деген Актилек Капаров.

Махабат Тажибек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Айке Бейшекееванын адвокаты Улан Сейитбеков аларга коюлган айып боюнча мындай деп түшүндүрдү:

“Эксперттик лингвистикалык корутундуда “Айт, айт десе” деген долбоордо патреон бар, ошону айтып жатканда аяк жагында “Манас” эпосунан алынган “Эркиндик берилбейт, эркиндик үчүн баарыбыз күрөшүүбүз керек” деген сөзгө мамлекеттик эксперттер “массалык башаламандыкка чакырык бар” деп басым жасап жатышат”.

Адвокат Сейитбеков Махабат Тажыбек кызы менен Актилек Капаровго "массалык башаламандыкты уюштуруу", ал эми калган тогуз журналистке "көмөк көрсөтүү" кинеси коюлуп жатканын билдирди.

“Буларда Болот Темиров кармалган учурда ким, канча убакыт иштегендердин эски тизмеси болгон. Ошол тизме менен эле келип кармап кеткен”

Максат Тажибек уулу 32 жашта. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында туулган. Мектептен кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин информация жана маалыматтык технологиясы факультетин аяктаган. Кесиби боюнча программист.

Максат студент кезинде Бишкектеги “Пирамида” телеканалына оператор-монтажер болуп кирип, 2018-жылга чейин иштеген. Кийин “Говори ТВ”, Factcheck.kg редакцияларында эмгектенген. 2022-2023-жылдары алты айга чукул "Темиров LIVE” командасында оператор-монтажер болуп иштеген. Андан соң үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өзү туулуп өскөн айылында жашап жаткан. 9-апрелде сот үй камагына чыгарган. Алты бир туугандын экинчиси, Махабат Тажибек кызынын бир тууган иниси.

"Бизге токулган жомок “илгери, илгери өткөн заманда 11 баштуу желмогуз болуптур” дегендей эле башталат. Мындай жомоктор, фантастикалык чыгармалар улана берсе ушул жерде турган журналисттер, эл, силерди да меникиндей тагдыр күтүп калышы мүмкүн. Бирок бекем болгула!"

Кармалган журналисттердин эң улуусу, 52 жаштагы Сайпидин Султаналиев кесиби боюнча мугалим. Медиа тармагында жүргөнүнө 10 жылдан ашып калды. Ага чейин атайын мектептерде, жогорку окуу жайларда мугалим болуп эмгектенген. Бала кезиндеги кыялын орундатуу үчүн 40 жашында кесибин алмаштырып, журналистикага өткөн. Ар кандай тренингдерге катышып, KLOOP медиасынын журналистика мектебин аяктап, бир нече медиада социалдык курч көйгөйлөрдөн тарта тендерге байланыштуу иликтөөлөргө чейин жасап келген. “Темиров LIVE” каналынан кийин Сайпидин Султаналиев “Арча Медиада” иштеп жаткан. Ал аз убакыт ичинде бир нече жергиликтүү сынактарды жеңип, байгелерге ээ болгон.

9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Үй бүлөлүү, үч баланын атасы.

34 жаштагы Сапар Акунбеков Нарын шаарында төрөлгөн. Нарын облустук мектеп лицейинде билим алып, Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

2012-жылдан бери жергиликтүү бир нече медиада иштеген. 2023-жылдын аягында “Айт, айт десе” долбоорунда бир айдан ашык тажрыйба топтогон. Төрт бир туугандын ортончусу, бойдок.

Биринчи май райондук соту Акунбековдун ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүп, 12-мартта үй камагына чыгарган.

"Адамдын тагдыры оюнчук эмес. Баарыбызды камай бергидей бийликке душман эмеспиз. Эч кимге зыяныбыз жок. Мейли, тергөөчүлөр жомок токуп коюшсун, сот мыйзамды карашы керек болчу. Мындай башаламандык менен кете берсек, укуктук мамлекетте жашайбыз деп кантип айтабыз?"

Тыныстан Асыпбеков - “ПолитКлиника” сайтынын иликтөөчү журналисти. Чүйдүн Кемин районундагы Жаңы-Жол айылында туулган. 30 жашта. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу алгач Ысык-Көл районундагы Бостери айылындагы мектепте окуп, 9-классты Кеминдеги орто мектептен аяктаган. Бишкектеги №4 кесиптик лицейде билим алгандан кийин аскерде кызмат өтөгөн.

2015-жылы Бишкек гуманитардык университетинин политология факультетине тапшырган. Студент кезинде журналистикага кызыгып, бир нече тренинг-семинарларга катышкан. Дипломдук ишин “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомго тийгизген таасири” деген темада жазган.

Алгач иликтөөчү журналист Болот Темировдун журналистика мектебинде окуган. 2021-2022-жылдары бир жылдай "Темиров LIVE” каналында иштеген. Сотто кылмыш ишин козгоого байланыштуу видеолор ал жумуштан кеткенден кийин жасалганын айткан. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, журналисттердин иши боюнча комиссия түзүүнү өтүнгөн.

Быйыл 9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Тыныстан үч бир туугандын улуусу, бойдок.

“Биз журналист катары коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү чагылдырып турган адамдарбыз. Биз бийлик менен элдин ортосундагы көпүрөбүз. Анан каяктан эле “массалык башаламандык уюштура турган адамга” айланып калганыбызды түшүнө албай турам”

Жоодар Бузумов 31 жашта. Таластын Бакай-Ата районунун Наматбек айылында төрөлгөн. 2011-жылы айылындагы мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырган.

2016-жылдан тарта NEXT ТV, Нур ТВ телеканалдарында, 2022-жылдан 2023-жылдын август айына чейин сегиз айдан ашык "Темиров LIVE” редакциясында иштеген. Ал кармалган учурда “Нур Пресс” маалымат борборунда иштеп жаткан. 9-апрелде сот үй камагына чыгарган. Төрт бир туугандын үчүнчүсү, бойдок.

Акылбек Орозбеков 33 жашта. Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында туулган. Орто билимди Таш-Көмүрдөгү №11 мектептен алган. 2008-жылы Бишкектеги Эл аралык Кувейт университетине тапшырып, 2012-жылы журналистика бөлүмүн кызыл диплом менен аяктаган. Андан кийин Улуттук телерадио компаниясынын радио бөлүмүндө эмгектенген. 2021-жылдан бери “Темиров LIVE” редакциясында оператор болуп иштеп жаткан.

12-марттаүй камагына чыгарылган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

"Башында тергөөчү “күбө катары сурак бересиң” деген, кийин “мурда иштепсиң” деп камап койду"

32 жаштагы Жумабек Турдалиев Нарын районунун Таш-Башат айылында туулган. Кыргыз улуттук агрардык университетине тапшырган. 2016-жылы окуусун аяктап, эколог кесибине ээ болгон. Кесиптик жолун Орток айыл өкмөтүндө социалдык кызматкер болуп баштап, жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Андан кийин Бишкек шаарынын санитардык полигонунда жарым жылга чукул эмгектенген.

Ал 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын январь айына чейин “Темиров LIVE” командасын Teskep долбоорунда менежер болуп иштеген. Камалган тушта Ысык-Көлдө туризм тармагы менен алектенип жүргөн жаткан.

Ал “Азаттыкка” берген комментарийинде “Темиров LIVE” редакциясынын иликтөөлөрүнө тиешеси жок экенин айткан. “Мен эч кандай эфир алып барчу эмесмин, эмнени иликтеп жатканына да кызыкчу эмесмин. Болгону Teskep долбоорун презентациясына даярданып, кийин анын концепциясы, алдыга жылдыруу иштери менен алек болдум. Чынын айтканда, Максат (Максат Тажибек уулу - ред.) менен достук мамилем бар болчу. Экөөбүз кармалганга чейин анын шаардагы үйүнө барып, эртеси көлгө кетмекпиз, бирок эртең менен милиция кармап кетти”, - деген Турдалиев.

Быйыл 12-мартта эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан бошотулган. Эки баланын атасы.

Бийликтин жообу, эл аралык коомчулуктун үнү

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 11 журналисттин кармалышы жана аларга коюлган айыптар тууралуу комментарий берген. Ал 11-апрелде “Кабар” мамлекеттик агенттигине курган маегинде бул иште саясий себеп жок экенин айтып, кармалган журналисттерди “жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат” деп айыптаган.

Жапырт башаламандыкка айыпталып жаткан "11 кишинин экөө гана журналист, калгандары блогер атыккандар, жогорку билими жок” деп айткан.

“Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой берсе, камайбыз да. Жалган жалаа жаап, калп маалыматтарды таратып эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп отура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп жатпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок”, - деди министр.

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда “Кабар” агенттигине курган маегиндинде 11 журналисттин иши боюнча дагы пикирин билдирип, аларды “жасалма маалымат таратышкан” деп айыптаган.

“Ал эми “11 журналист” дегениң боюнча. Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп социалдык түйүндөргө отургузуп, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып жатканын кантип танат? Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт”, - деп билдирген Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыктын" студиясындагы талкууда журналисттердин камалышын аларды ириде "тарбиялоо максаты" менен байланыштырган.

"Биздин жаш балдар, алар, албетте, душман эмес. Албетте, жаңылышкан. Алар "бала баладай, башы-көзү чарадай". Алардын эч кандай чыккынчылык, эч кандай маселеси жок. Аларды деле президентибиз болобу, органдарыбыз болобу, соттор болобу, түрмөгө чиритейин деген деле ою жок. Бул тарбиялык маселе. Аталык, агалык милдет - бул тарбия. Үй-бүлө башчы болобу, үй кожоюну болобу, тартипке салып коюш керек. Тартиптүү эл кул болбойт. Ошондуктан тартип болушу керек. Бул камоо эмес, бул бардыгын ишке тартуу", - деген Байсалов.

Өкмөт өкүлүнүн бул билдирүүсү коомчулукта катуу сынга кабылган.

Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы 11 журналисттин кармалышын жана соттолуп жатышын да сынга алып, кыргыз бийлигин аларды бошотууга чакырууда.

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) "Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорунун 11 журналистине күтүлүп жаткан сот өкүмүн утурлай билдирүү таратып, Кыргызстандын бийлигинен алардын баарын актоого чакырды.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчисинин милдетин аткаруучу Денис Кривошеев журналисттерге тагылган айыптарды сөз эркиндигин басмырлоо аракети деп баалады:

"Бул айыптоолор - саясий негизде сөз эркиндигин кысуу жана журналисттерди жасаган иши үчүн жазалоо аракети. Биз дагы бир жолу Кыргызстандын бийлигин бардык журналисттерди бошотуп, алардан негизсиз айыптоолорду алып салууга чакырабыз. "Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жана башка бардык журналисттер эркин жана коопсуз иштеши керек".

Ошондой эле Нью-Йорк шаарындагы Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) кыргыз бийлигин "Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерине козголгон кылмыш ишин токтотуп, камакта жаткан журналисттерди эркиндикке чыгарууга чакырган.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гулноза Саид “иликтөө менен алектенген журналисттер ойдон чыгарылган айып менен жоопко тартылса, Кыргызстандын эл аралык аброюна дагы бир жолу олуттуу сокку болорун” айткан.

Австриянын борбору Вена шаарында жайгашкан “Эл аралык басма сөз институту” (International Press Institute, IPI) уюму Кыргызстанда прокурорлор 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүү боюнча судьяга берген өтүнүчүн сынга алган. Уюмдун X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө алардын ичинен абакта жаткан журналисттер бошотулушу керектиги жазылган.