Израил армиясы Газада, Бейрутта аба чабуулун улантты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шаршембиге караган түнү Израил Газанын качкындар баш калкалаган лагерлерине сокку урганы кабарланды. Чабуулдан кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылганы, анын ичинде бир үй-бүлөнүн тогуз мүчөсү набыт болгону айтылууда. Ушул эле түнү Израилдин армиясы Ливандын борбор калаасы Бейруттун түштүк райондоруна абадан чабуул жасаганы белгилүү болду. Биньямин Нетаньяху Хасан Насралланын ордуна дайындала турган киши да жок кылынганын айтты.