Саясат, бизнес же криминал? “Салимбай байбачанын” Кыргызстандагы кызыкчылыгы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук коопсуздук комитети Камчыбек Көлбаевдин Борбор Азиядагы байланыштарынын сары изине түшкөнүн жарыялап, өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге чейин эл аралык издөө салды. Аны менен байланышта делген мурдагы депутат камалып, белгилүү спортчу баш болгон бир канча киши сурак берди. “Салимбай байбача” деген ат менен Борбор Азияга таанымал, Өзбекстанда соттолгон кримтөбөл, 73 жаштагы Салим Абдувалиевди Кыргызстан менен эмне байланыштырат? Спортпу, бизнеспи же криминал, баңгизат ташуубу?