9-октябрь: Базарбеков кызматтан кетүүгө арыз жазды, Ливанда 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды

Замирбек Базарбеков.

9-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жогорку соттун төрагасы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Анын арызын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, ордуна жаңы талапкер сунуштала турганын “Азаттыктын” булактары билдирди. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз. 67 жаштагы Замирбек Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, 2021-жылы июнь айында Жогорку соттун судьясы кызматына келген.

Спикер Шакиев сессияда Нурдан Орунтаевди сынга алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды. Бул тууралуу ал 9-октябрда парламенттин жыйынында айрым депутаттардын Орунтаевдин дарегине айтылган сынынан кийин айтты. “Ар бир бийликтин тушунда сизге окшогон “эрке” балдар болгон. Бирок алардын тагдыры эмне менен бүткөнүн көргөнбүз”, - деди Шакиев. Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш, турак жай - коммуналдык чарба агенттигине жетекчи болуп былтыр ноябрда дайындалган.

Карабаевдин арызын прокуратура териштирип жатат

“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, тергөө абагында отурган Жоомарт Карабаевдин басым-кысымга кабылганы тууралуу арызын Аскер прокуратурасы териштирип жатканын билдирди. Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 18-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан кат жазып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирген. Атайын кызмат бул арыз-даттануулар тууралуу комментарий бере элек. УКМК Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Мэр жол кирени көтөрүү сунушу боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө жол кирени көтөрүү сунушу боюнча маалымат берди. Ал коомдук транспорттун айдоочулары накталай төлөнгөн жол кирени өздөрүнө алып калып жаткандыктан ушундай демилге көтөрүлгөнүн айтты. Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто накталай төлөгөндөргө жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү сунушун берди. Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана кичи автобустарда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.

БУУ: Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин белгилеп, Газада жана Ливанда күн сайын адам өмүрүн үзүп жаткан кармаштарды тез арада токтотууга чакырды. Баш катчынын айтымында, Ливанда, анын борбор калаасы Бейрутта израилдик аскерлердин масштабдуу чабуулдарынан каза болгондор 2006-жылдагы согуштун курмандыктарынан ашты жана Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал «жарылып кетчүдөй» болуп турат. Бир жыл мурдагы кандуу кол салуудан жана бир топ жараны барымтага алынгандан кийин Израил Газа секторунда АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАСка, “Хезболлага” (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

Сирия Израилдин авиа соккусунан кеминде жети адам каза таап, 11 киши жараат алганын кабарлады

Кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктары боюнча борбору (Syrian Observatory for Human Rights, SOHR) каза тапкандар тогуз киши экенин, алардын бешөө жайкын тургун болгонун жазды. Сирия бийлиги сокку эл жыш отурукташкан Маззе районундагы жайкын тургундар жашаган үйгө жана коммерциялык имаратка урулганын, үч ракета түшкөнүн айтып, бул чабуул үчүн Израилди айыптады. SOHR маалымдагандай, сокку Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» жана «Хезболла» (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) менен байланышы бар имаратка урулду. "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар. AFP окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялады. Андан өрттөнүп жаткан имаратты көрүүгө болот.

Беларуста оппозиционер, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун мурдагы кабарчысы Алексей Дикавицкийдин үйү камакка коюлду

Пинск шаарынын чет жакасындагы жүз жыл мурда салынган жыгач үйдү Дикавицкийдин чоң атасы курган. Эми аны сатууга же башка мүлк операцияларын жүргүзүүгө болбойт. Кийин ал мамлекеттин эсебине чегерилиши да мүмкүн. Дикавицкий азыркы тапта Польшада жайгашкан "Белсат" каналынын директорунун милдетин аткарып иштейт. Гомел шаардык соту 2021-жылы аталган каналды экстремисттик деп жарыялаган. Беларуста бийликти сындаган саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин жана катардагы жарандардын мүлкү ар кандай шылтоо менен конфискация болгон окуялар буга чейин да катталган.

2025-жылдын 1-январынан тартып Орусия Армениянын Иран менен чек арасын кайтарууну токтотот

Бул тууралуу Москвада өткөн жолугушууда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян макулдашты. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Армениядагы Чек ара башкармалыгына төрт чек ара отряды (Гүмри, Армавир, Арташат жана Мегри) карайт. Мындан тышкары жолугушууда армян өкмөтүнүн башчысы Азербайжанды Армения аркылуу өтүп, Нахичеван автоном республикасы менен байланыштыра турган Зангезур транспорттук коридору боюнча долбоор тууралуу да маалымат берди. Долбоорго ылайык, жол Армения, Түркия, Азербайжан жана Иран аймагы аркылуу өтөт, ар бир өлкө өзүнүн аймагындагы тилкени өз алдынча, Орусиянын катышуусусуз көзөмөлдөйт.

Германиянын Эрфурт шаарында "Кыргыз кызы" айкели коюлду

Тюрингия жергесинин борбору Эрфурт шаарында “Кыргыз кызы” деп аталган айкел коюлду. Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинин маалыматына караганда, скульптура кыргыз жаштарынын Тюрингияда, жалпы эле Германияда билим жана тажрыйба алууга умтулуусунун символу катары орнотулган. Айкелдин ачылыш аземине Тюрингиянын премьер-министри Бодо Рамелов, Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухаус, студенттер жана Тюрингиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. Айкелди белгилүү кыргызстандык скульптор Тамила Маматова жасаган. Былтыр Кыргызстандын Берлин шаарындагы элчилигинин жанында "Бала манасчы" айкели орнотулган. Германияда расмий маалымат боюнча 10 миң кыргызстандык жашап, иштейт.