Депутат Алтынбеков Базар-Коргондо төрт мектеп иштебей турганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда төрт мектеп иштебей турганын 9-октябрдагы сессияда билдирди. Эл өкүлү алардын арасында былтыр президент Садыр Жапаров онлайн ачкан жаңы мектеп дагы бар экенин кошумчалады.

"Төрт мектеп 1-октябрдан тартып жабылды, иштебей турат. 46, 45, 50 жана 38-мектепте иш токтоду. Мен бул маселени көтөрөм деген үчүн алар ишин улантып жатат. 1-ноябрда кайра жабылат".

Айрым мектептер жабылып жатканын ЖК депутаты Бакытбек Марипов да айтты.

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева балдардын саны аз болгон айрым мектептер оптимизация болуп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, жалпысынан 53 мектепти оптимизация кылуу боюнча сунуш берилген.

"Жаңы ачылган мектеп иштейт. Бирок ал жерге дагы кошумча бала бакча, мектепке даярдоо группаларын ачабыз деп сүйлөшкөнбүз облус жетекчилиги менен. Алыс мектептерге автобус уюштурулат".

Кендирбаева оптимизация болгон мектепте окуган окуучуларга атайын автобус берилерин кошумчалады.

Кыргызстанда 2377 мектеп бар. Мунун ичинен 2173 мектеп мамлекеттик, 204 мектеп - менчик. Бул мектептерде 1, 491 млн ашуун бала окуйт. (КЕ)

Дагы караңыз

Нетаньяху Насралланын ордуна дайындала турган киши да жок кылынганын айттыБишкек мэри жол кирени көтөрүү сунушу боюнча түшүндүрмө бердиБокс боюнча курама Кытайдагы мелдеште алты медал утту Бишкектеги мектептерде 50 миң бала ашыкча окуп жатат