Президент Жапаров Москвада мигранттарга байланышкан маселе көтөрдү

Президент Садыр Жапаров Москвада КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына катышты. 8-октябрь. 2024-жыл

Президент Садыр Жапаров 8-октябрда Москва шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин чакан форматтагы жыйынында эмгек мигранттарына байланыштуу маселе көтөрдү. Президенттин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, Жапаров "мигранттардын киришине чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө тынчсыздануусун билдирген".

Миграция багытында кызматташууну активдештирүүгө чакырып, эл ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, мигранттардын укуктарын толук форматтуу ишке ашырууга, КМШнын алкагында алардын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган чечимдерди издөө ишин улантуу зарылдыгын белгилеген.

Жыйында президенттер шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү, регионалдык жана эл аралык маселелерди талкуулашты.


Жапаров анда КМШ мамлекеттеринин агроөнөр жай базасына таянуу менен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө көңүл бурууну сунуштаган. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу КМШга кирген өлкөлөрдүн элине жана дүйнө коомчулугуна кайрылуу кабыл алынышын, “1941-1945-жылдардагы Эмгек даңкы шаары” ардактуу наамы жөнүндө жобонун бекитилишин колдой турганын билдирген. Ошондой эле кыргыз тарап Жеңиш эс тутумун түбөлүккө калтыруу боюнча КМШ алкагында өтө турган бардык иш-чараларга активдүү катышарын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров Москвада КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына катышты. 8-октябрь. 2024

Садыр Жапаров Москвага 7-октябрда барган. Анын иш сапары Орусияда мигранттарга карата мыйзамдар катаалдашып, эреже-талаптар күчөгөн кырдаалга туш келди. Жекшембиде Ош шаарынан Москвага учуп барган каттамдагы жүргүнчүлөрдүн 40ка чукулу Орусияга кире албай, бир нече сааттап кармалганы кабарланган.

30-сентябрда Орусияда мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого багытталган кезектеги мыйзам долбоорлору сунушталганы белгилүү болду.

Жакында эле Ереванда ЕАЭБдин жыйынына барган учурда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уюмга мүчө мамлекеттер миграциялык мыйзамдарды кабыл алууда биримдиктин нормаларын эске алууга чакырган. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияда миграция мыйзамы катаалдаганы жумушчу жетишсиз боло баштадыЖазуучу Олжобай Шакир тергөө абагынан чыктыГерманияда кыргыз-немис ишкерлеринин жыйыны өтөт Харрис: Киев катышпаса, АКШ Путин менен сүйлөшүүгө барбайт