Автоунааны камсыздандыруу: 2025-жылдан айып пул салына баштайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2025-жылдан тарта автоунаага камсыздандыруу документин (ОСАГО) полисин албагандарга 3 миң сом айып пул салынат. Юридикалык жактарга айып пулдун өлчөмү 13 миң сом болот.

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан билдиришкендей, учурда машинени кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө полис талап кылынууда. Жаңы жылдан тартып ал баарына милдеттүү болот. Бул көрүнүш көпчүлүк айдоочулардын нааразылыгын жаратып жатат. Алар: “автоунааны сатып жаткан жаранга камсыздандыруунун эмне кереги бар?” - деген суроо салууда. “Унаа” мамлекеттик мекемеси мыйзамдын талабы ушундай экенин билдирүүдө.