Херсонго, Одессага авиасокку урулду, Крымда мунай база өрттөнүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын Херсон жана Одесса аймактарына урулган авиасоккудан ондогон адам жапа чекти. Сокку мектепке жана бала бакчага тийди. Ал эми Украинанын Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Феодосия шаарындагы мунай базада тутанган өрт өчө элек. Аймактан миңдей тургун эвакуацияланганы кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлиги экинчи күнгө караган түнү Белгород облусунун аймагынан жана Кара-Деңиздин үстүнөн украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.