Казакстанда 45 миң гектар талааны өрт каптап, киши өмүрү кыйылды

Казакстан.

Казакстанда жалпысынан 45 миң гектар талааны каптаган өрттөн бир кишинин өмүрү кыйылды, дагы кеминде беш киши жабыркады. Бул тууралуу бүгүн 8-октябрда жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына таянып "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

6-октябрда Караганды облусунун Каркаралы районуна караштуу Коянды айылында куураган чөп күйүп, өрт андан ары коңшу Павлодар облусундагы Баянауыл улуттук паркынын аймагын каптаган.

7-октябрдын кечинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Павлодарда 10 миң гектар жердеги өрттүн жайылышы токтотулганын билдирген.

8-октябрда, мекеменин маалыматына караганда, Каркаралы аймагындагы өрт да чектөөгө алынды, ал жерде күйгөн талаанын жалпы аянты 35 миң гектарга жетти.

Карагандыда өрттү өчүрүү учурунда беш киши жабыркады. Алардын биринин абалы оор экенин, себеби денесинин 35 пайызы күйгөнүн жергиликтүү оорукананын дарыгерлери билдиришти.

Ал эми 33 жаштагы өрт өчүрүүчү Хали Хайрат тилсиз жоо менен кырсык болгон жерде алышып жатып каза тапканы 7-октябрда кабарланды. "Вечерняя Караганда" басылмасы өрт өчүрүүчүлөр бийик өскөн чөптүн арасында калганын, катуу шамалдын айынан өрт ого бетер күчөп, кыйынчылык жаратканын жазган. (RK)