2022-жылы Москва Украинага басып кирип, согуш баштагандан бери Орусиянын түрмөлөрүнөн кан майданга айдалган ондогон кыргызстандыктар бөтөн жерде ажал тапты. "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин өлгөндөн кийин орус абактарында отургандарды азгырууну Орусиянын Коргоо министрлиги уланта баштады. “Азаттык” Украинадагы согушка кеткен бир нече каармандын кайгылуу окуясын баяндоо менен Орусиянын түрмөлөрүндө мигранттарды кан күйгөн кармашка айдоо дагы эле уланып жатканын аныктады.
Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашаган Жамалбектин уулу Орусияга иштегени кетип, көп өтпөй темир тор артына түшүп калат. Ошол күндөн бери атанын ар бир таңы уулуна кат жазуу менен башталат.
Бирок соңку айдан бери абактагы уулу анда-санда гана телефон чалып, катты да сейрек жазат.
"Качан гана аларда мүмкүнчүлүк болуп, шарттары туура келгенде гана жазбаса, башка учурда чалып, жазбайт. Согушка барам деп кол койгондон бери дээрлик байланышпай калды", - дейт атасы.
Жамалбектин уулу бир ай мурун телефон чалып, ата-энесине согушка барууга макулдук берип, кол койгонун кабарлаган. Ата уулу өз ыктыяры менен келишимге кол койгонуна ишенбейт:
"Буларды алып барып кыйнап, согушка барасыңар дейт го. Же бул эми ачык айтылбаган нерсе. Атайын кызматкерлер камалгандар болуп, ичине кирип, булардын психологиясын буруп, ШИЗОго (айып изолятору) 10 күндөн камап туруп, мажбур кылып анан кол койдуруп атышат. Ал жерде кыйнай берип, акыры өзү айтты мага “ата, мен кыйналып кеттим” деп. Кыйноонун артынан барып кол коюп атат. Жөн койгон жок. Ошол мезгилде бир ай мурун 15 күнгө, 10 күнгө ШИЗОго камалган. Мен анын кол койгонун башкалардан уктум. Көрсө бул айтпай эле кетип калмак экен. Ошентип жүрүп балам менен кабарлашып бир сүйлөштүм. Жарым сааттай сүйлөштүм. Бирок ал мага көнгөн жок. Мен аны көндүрө албадым. Барам деди".
Дагы караңыз
"Абакта жок, согушта жок". Орус түрмөсүндөгү Каныбек азыр кайда?Жамалбектин уулу Мирлан Орусияда абакка түшкөндө 18 жашта гана болчу. Азыр 21ге чыкты. Ал ошентип, атасынын жалдарып жалынганына карабай “согушка кетем” деген оюнан кайткан эмес экен.
"Кол койдурат экен дагы алып кетет экен. Биз эч нерсе кыла албай калып кетет экенбиз. Алар кол койгондон көп өтпөй эле шак орус паспортун колуна берет экен. Кыргыз тарап эч нерсе кыла албайт экен. Мен ага "балам, сен кеткен кезде деле Кыргызстанга келсең соттолосуң" дедим. Сени бул жакта кабыл албайт дедим. Андан да ашыкча срок алып отурасың дедим. Андан көрө "тынч отуруп, кыйналсаң да чыда" деп айттым. Ошол убактары Челябинскиден 10дон ашык бала согушка кеткенин уктук эле. Ошол балдардан бир эле өзбек бала тирүү калыптыр. Калганы баары өлүп кетиптир. Жок дегенде мени аябасаң да апаңды ая дедим. Ошол нерсени ойлонбойсуңбу балам дедим. Апасы деле кыйналды. Мурункудай эмес. Арыктап кеткен", - дейт Жамалбек.
Мирланга Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 228-беренеси ("Маңзат каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же берүү") менен айып тагылып, ал 8 жыл бир айга эркинен ажыратылган. Эки жылдан бери Новосибирск шаарындагы түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан.
Темир тор артында отурган Мирландын тагдырына санааркап жаткан чакта эне-ата кенже уулунан ажырап калган. Ал кырсыктан көз жумган. Эми дагы бир баламан айрылып калбасам экен деген Жамалбек муун-жүүнү бошоп, уулунун амандыгын тилеп отурат.
"Тогуз жаштагы балам сууга агып өлүп калды. Ага кошумча бул... Аялым экөөбүз мурункудай эмеспиз. Эске тутумубуз жоголду. Баары мурункудай эмес… Арыктап кеттик".
Жамалбек утур-утур телефонун акмалап, уулуна эртең менен жазган катына жооп күтүп отурат. Баласынын үнүн уккан күн - аялы экөөнө майрам. Жамалбек уулу өндүү чет жерде иштеп жүргөн мигранттардын бөтөн жерде, бөлөк элдин согушуна аралашпай, аман-эсен үйүнө кайтып келишин тилейт. Ал басып-туруп, ушул үйдө уулунун жакшылыгына күбө болсом деп тилейт.
"Уулум үйлөнсө, небере багабыз деп кыялданабыз. Ошону кудай бизге да берсе экен. Ошол күндү күтүп жатабыз".
Дагы караңыз "Мен согушка кол койгон жокмун". Орус абагында зарлаган мигранттар"Көчөдөн кармап, согушка айдашты"
Жалал-Абад облусунан сыртка иштегени кеткен мигранттардын саны эң арбын. Алардын бири - Айжаркындын жалгыз уулу. Анын уулун Москвада полиция көчөдөн кармап кеткен. Энеси полиция кызматкерлери мажбурлап, уулуна согушка барам деп кол койдуруп алышкан.
"Бул окуя 20-сентябрда түнү болду. 21инде мага уулум полиция бөлүмүнөн чалды. Апа, эскертип атат сизге деп айтты. Эки кыздан кийин көргөн уулум. Келип, үйлөн десем, апа, иштеп алайын деп жүрдү. Улам эле полиция кармап кетип эле, 20 миң рублдай берип чыгып аткан. Мунусунда чыгарып атканда кагазга кол койдуруп алыптыр. Эми согушка алып кетип калат деп коркуп отурам. Ага кагазды чала-була эле окутуп, кол кой бул жерге деп, желкесине бир согуптур. Балам коркуп кетип, кол коюп бериптир. Толук окуп бүтө элек болчумун дейт. Чыгып келе бер балам, жол киресин өзүм төлөп алам десем. Апа, машине менен да чыга албайм деди", - дейт Айжаркын.
Айжаркындын уулуна полиция келишимди карматып, согушка чакыруу кагазын күт деп айткан. Бирок ага өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салынганы катуу эскертишкен.
"Биздин өлкөдө силер каалагандай жүрөсүңөр. Биз да силерди каалагандай пайдаланабыз. Кача албайсыңар, аскердик кызмат өтөйсүңөр деп балама түшүндүрмө бериптир. Балам өзү былтыр ноябрда барган. Ал жерде иштеп, ал жактан да акчасын ала албай кыйналган. Видео чалуудан көрүшүп турабыз. Өзүн былтыртан бери көрө элекмин. Эми алып кетебиз дегенин уккандан кийин тынчым жоголду", - дейт уулунун тагдырына кайгырган эне.
Айжаркын жардам сурап Орусиядагы активисттерге, юристтерге кайрылган.
“Азаттык” Орусиянын шаарларында иштеген бир нече юрист, сот процессине катышкан төрт котормочу менен байланышты. Алар орус абактарында согушка азгыруу жүрүп жатканын тастыкташты.
"Азаттык": Ал кандай шартта ишке ашып жатат? Мурда “Вагнер” болсо, азыр Орусиянын коргоо министрлиги кирип, мажбурлайбы же ыктыярдуу түрдө болобу?
- “Вагнердин” ордуна дагы башка компаниялар иштеп жатат. ФСИНдин кызматкерлери эле “ким келишим түзүүнү каалайт” деп сурайт экен. Кээ бир учурда жарандыгын деле ала албай, акчадан да куру калгандары да бар. Жакында эле мага келишим түзүп барып, кайтыш болуп келди, бирок кенемтесин ала албай атабыз дешти.
"Азаттык": Түрмөдөн кеткен бекен?
- Ооба. Алар алты ай ичинде согуш бүтөт же боштондукка чыгабыз деген ойго алданып атышат. Аларды алдыңкы катарга салып коёт экен. Жүздөгөн адамдардын ичинен жыйырмасы эле кайтып келип атпайбы.
Орус абактарынан согушка азгырган учурларды балдары түрмөдө отурган ата-энелер телефондон талкуулап турушат. Вотсаптагы андай үч тайпада жалпы 400гө жакын катталуучу бар.
Бул аялдын уулу Орусиянын Сургут шаарындагы колониялардын биринде камакта. Аял уулу менен утур-утур байланышып, кабар алып турчу. Баласы бир апта мурун чалып, абакта аны менен кошо отурган кыргыз жигит согушка барууга макулдук бергенин айткан.
"Менин баламдын шериги ал. Ага апасы Кыргызстанга келгенде камаласың дептир. Ал болсо “апа, мага дуба кыл” деп айтып, сөзүн укпаптыр. Мен Орусияда жашайм дептир. Эми азыр согушка кеткен адам тирүү келет деп эч ким кепилдик бере албайт да. Аман эле келсин. Өзү 2002-жылкы. Сургуттан эле беш бала жазылыптыр. Орус паспортун алышыптыр. Өз калоосу менен кетип атышат экен. Эмне үчүн кетип атышат? Биз которулбайбыз го деп сарсанаа болуп атышат. Көпчүлүк ата-эне сарсанаа болуп атат", - дейт эне.
Сөз болуп жаткан абактагы жигит - 21 жашта. Орусиянын Нижневартовск шаардык соту чыгарган жараянда ага кыска мүнөздөмө берилген.
"Кыргызстанда 2002-жылы туулган, билими орто, жумушсуз, бойдок", - деп жазылган соттук документтерде.
2023-жылы Нижневартовск шаардык соту бул жаранды Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренеси менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Соттук материалдарда соттолуучу процесстерде дээрлик көрсөтмө бербегени жана орус тилин билбегени белгиленген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын түрмөлөрүндө 1 жарым миңге чукул кыргыз жараны отурат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү") менен күнөөлүү деп табылган. Жогорудагы берене боюнча орус соту бир миллион рублга чейин айып пул же 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын чегерет. Башкача айтканда, бул берене өзгөчө оор кылмыштар деп саналат.