Израил "Хезболланын" дагы бир командирин жок кылганын жарыялады

Ливандын борбору Бейрут.

Израил Ливандын борбор калаасы Бейрутта авиа сокку менен "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жогорку кызматтагы командирлеринин дагы бири жок кылынганын 8-октябрда жарыялады.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) маалымдагандай, Сухаил Хусейни топтун жогорку аскердик органы деп эсептелген "Жихад кеңешинин" мүчөсү, бюджет, башкаруу жана логистика маселелерине жооптуу киши болчу, ал 7-октябрь, дүйшөмбү күнү атайын бутага алынып өлтүрүлдү. "Иран жана "Хезболла" ортосунда курал-жарак берип турууда чечүүчү роль ойноп келген", - деп маалымдады ЦАХАЛ.

("Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.)

"Хезболла" бул маалыматты жокко чыгарган да, ырастаган да жок.

Кечээ 7-октбярда Израил бир жыл мурдагы кандуу кол салуунун бир жылдыгын эскерди. 2023-жылы 7-октябрда бул өлкөнүн аймагына Газа секторунан кол салуу болуп, бир күндө 1197 киши өлтүрүлгөн, 251 кишини барымтага алып кетишкен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил бул үчүн Газада АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобуна каршы согуш баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

Эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда кечээ палестин согушкерлери Газа тараптан Израилди ракета менен аткылашкан. (RK)

Дагы караңыз

Жазуучу Олжобай Шакир абактан чыктыОң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу сунушталдыМинистрлик мугалимдердин жапырт иштен кетиши боюнча маалымат бердиЖогорку сот Олжобай Шакирди үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды